www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чилиде селден улам өлкөнүн баш калаасы Сантьягого жакын жердеги суу кампасына куйган дарыядагы суулар булганып, бийлик төрт миллион кишини камсыздаган сууну өчүрүүгө аргасыз болду.

Расмийлер Майпо дарыясы тазаланары менен суу берүүнү калыбына келтирүүнү убада кылды. Шаардын калкы азырынча өздөрү камдап алган суу запастарын пайдаланып жатышат. Ал эми бийлик ресторандарды жана бизнес мекемелерин жабууга буйрук берди. Мектептер дагы убактылуу жабылды.

Куткаруу кызматтарынын маалыматына караганда катуу жаан-чачындын кесепетинен жүргөн сел кырсыгы унаа жолдоруна тоскоолдук жаратып, айрым калктуу конуштар сырт дүйнө менен байланышсыз калды.

Бийлик элге таза суу жеткирип берүүнү колго алды.Бийлик элге таза суу жеткирип берүүнү колго алды.

Сантьяго провинциясынын губернатору Клаудио Ортегинин айтымында, бир жарым милллион үйдү камсыздаган таза суу өчүрүлдү. Бийлик элге таза суу жеткирип берүүнү колго алды.

"Эми кайра суу таратуу качан башталарын биз билбейбиз»,-деди Ортега.

Суу ташкыны жана көчкүдөн улам кеминде төрт киши каза тапты. Буга чейин Чилинин борбордук бөлүгү өрт кырсыгынан жабыр тартып жаткан эле.

Булак: "bbc.com"

Последние новости