www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалыматт сайтында Ерке Есмахан конокто. Сахнада көп убакыттан бери эмгектенип, тасмада роль жаратып актриса аталган Ерке Есмахандын жеке жашоосу көпчүлүк үчүн кызык. Анын Төрегали менен аткарган “Алло” дуэти Ерке үчүн ийгиликтүү чыгарма болуп, учурдун эң популярдуу ырчы айымдарынын катарын толуктоодо. Ерке Есмахан биздин сайтка ачык маек берип, өзүнүн карьерасы, эркиндиги, баласы тууралуу айтып берди.

- Ерке, бүгүн атактуу ырчысыз. Кайда барсаңыз да сиз эл көзүндөсүз. Мындай атактуулукка жетүү кыйын болдубу?

- Албетте, кыйын болду. Себеби, мен шоу бизнеске кечээ келип эле аралашып калганым жок. Чыгармачылыкта жүргөнүмө көп жыл болду. Төрт жыл музыкалык билим алып, домбрада, гитарада, фортепианодо ойногонду үйрөндүм. Вокалдан сабак алдым. Андан соң Баян Максат кызы менин продюсерим болду.

- Чыгармачылыкта айымдар үчүн жылдыз болуу абдан кыйын эмеспи, айтылбаган кептин баары айтылат. Сулуулугуңузга көз арткандар болсо, аны көрө албагандар табылат. Мырзалардан болсо ойго келбеген сунуштар түшөт. Мындай нерселер сиздин башыңыздан өтүүдөбү?

- Ооба, бул кесипти аркалаган айымдар абдан сулуу болушубуз керек. Ата-энемдин генинен мага келишимдүү дене түзүлүш берилген. Мен ар дайым спорт менен машыккан айым эмесмин. Меники баары натуралдуу. Жалпылап айтканда айымдардын жашоосу абдан татаал. Ошондуктан, менин жанымда ар дайым жакындарым коштоп жүрүшөт. Мени кам санаткан сунуштардан алысмын. Албетте, мени мырзалар карашат, белек беришет, мындайлар көп. Эгер алар менин чыгармачылыгымды сыйлашса, анда алар менен байланышты үзбөйм.

- “Алло” аттуу хит чыккан соң, эл арасында “Бул ырдын аркасы менен Еркенин жылдызы жанды” деген кептер чыкты. Буга кандай карайсыз?

- Жок, мен мындай пикирлерге кошулбайм. Торегали жеке карьерасын үч жыл мурун баштаган, мен сыяктуу эле. Үч жыл мен өзүмдү өстүрдүм, Ерке Есмахан деген долбоорумду ишке ашырдым. Ага чейин топто ырдап, окуп жүргөм. Музыкалык карьерамда Кудайга шүгүр мен көп нерсеге жетише алдым.

- Азыр адамдардын канчалык популярдуу экендигин социалдык тармак аркылуу билип калышпабыды. Сизге инстаграмда 1,7 млн адам көз салып турат. Баракчаңызды өзүңүз алып барасызбы? Окурмандардын алдында жоопкерчиликти сезесизби?

- Албетте, WhatsApp аркылуу менин директорума абдан көп сунуштар менен кайрылышат. Ким жазып жатканына көз салып турам. Мен жаш кыздар үчүн үлгүмүн. Ошондуктан, жакшы нерселерди жазып, өзүмдү жакшы жагымдан көрсөткөнгө аракет кылам. Ооба, мен жоопкерчиликти сезем. Мага берилген үмүттү актаганга ар дайым аракет кылам.

- “Аял бакыты” аттуу ырыңыздын клибине актер Тауекел Мусилим тартылган. Андан соң “Салам Казакстан” долбоорунда да бирге жүрөсүздөр. Акыркы мезгилде Тауекел экөөңүздөр тууралуу ар кандай кептер чыгууда. Бул суроо сизге тиешелүүбү?

- Биздин мамилебиз абдан жакын. Биз бирге иштейбиз. Менин клипиме сулуу, жаш жигит керек болуп, Тауекелге кайрылгам. Ал макул болуп тартылып берди. Ортобузда эмне болушу мүмкүн? Болгону чыгармачылык...

- Жеке жашоодо жалгыз бой жансыз. Уулуңуз да эс тартып калды. Акыркы учурда социалдык тармакка керемет гүлдөр менен сүрөткө түшүп, көп киргизчү болдуңуз. Гүлдөр кимден келүүдө?

- Менин жигитим жок. Мени менен болгусу келгендер көп. Алар мага гүлдөрдү жана белектерди жөнөтүп турушат. Менин жүрөгүм али бош. Мага көп сюрприз жазашат, аларга жооп бербейм, бирок кабыл алам.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

 

 

Последние новости