www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лос-Анжелесте Америкалык киноакадемиянын 89чу «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Жылдын тасмасы деп Барри Женкинстин «Айдын жарыгы» аттуу эмгеги табылды. Ал ошондой эле «экинчи пландагы мыкты актер» жана «мыкты адаптацияланган сценарий» номинациялары боюнча сыйлыктарга ээ болду.

Барри Женкинстин «Айдын жарыгы» тасмасында Майаминин ынды каралар жашаган кембагал маалесинде чоңойгон өспүрүм баланын жашоосу баяндалат. Бул тасма баш байгеден сырткары “экинчи ролдогу мыкты актер” (Махершала Али) жана “мыкты ылайыкташтырылган сценарий” сыйлыктарын да жеңип алды.

Иш-чаранын башында алып баруучу жаңылып жылдын тасмасы деп атаган «Ла-Ла-Лэнд» киномюзикли алты алтын статуэтка алды. Анын жаратуучусу Дэмьен Шазелл мыкты режиссура үчүн "Оскарга" ээ болду. Ал бул номинацияда сыйлык алган эң жаш режиссер болуп калды. "Ла-Ла-Лэндде" башкы ролдордун бирин аткарган Эмма Стоун аялдын мыкты ролу номинациясында сыйлыкка ээ болду.

Мыкты оригиналдуу сценарий үчү "Оскарды" Кеннет Лонергандын «Деңиз жээгиндеги Манчестер» драмасы алды. Андагы башкы ролду аткарган Кейси Аффлек эркектин мыкты ролу номинациясында жеңүүчү деп табылды.

«Мыкты толук метраждуу анимациялык тасма» номинациясында «Уолт Дисней» студиясынын "Айбанатстан" тасмасы жеңүүчү болсо, калыстар мыкты документалдуу тасма катары "О. Жей. Америкада даярдалган" тасмасын тандашты. Мыкты чет өлкөлүк тасма деп ирандык режиссер Асгара Фархадинин «Соодагер» тасмасы аталды. Анын жаратуучусу «Оскарды» алууга келбегендигин АКШ президенти Дональд Трамптын миграциялык саясатына карата нааразылык билдирүүсү менен түшүндүрдү.

Мыкты кыска метраждуу документалдуу тасма сыйлыгын «Ак туулга» аттуу тасма алды. Анда ошондой эле аталыштагы ыктыярдуу уюмдун Сириядагы иши тууралуу айтылат. Анын авторлору Орландо фон Айнсидель менен Жоэнна Натасегара салтанатта сүйлөп жатып куралдуу кагылышууларды тезирээк токтотууга чакырышты. Буга чейин АКШ бийлиги аталган тасманы жаратууга катышкан сириялык кинооператор Халед Хатибдин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости