www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Президенти Бишкекке расмий сапар менен Кыргызстан менен Россиянын дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгын утурлап келатат.

Бишкекке 28-февралда Россия президенти Владимир Путин расмий сапар менен келиши күтүлүүдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирген маалыматка караганда, Путиндин сапарынын учурунда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектрдеги маселелери каралган жатат. Ошол эле учурда байкоочулардын баамында, Атамбаевдин мураскору тууралуу темага да кайрылбай коюшпайт шекилдүү.

Россия Президенти Бишкекке расмий сапар менен Кыргызстан менен Россиянын дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгын утурлап келатат. СССР таркагандан кийин эки эгемен ѳлкѳ 1992-жылы 20-мартта жаңы саясий шарттагы дипломатиялык мамилелерди түзүшкөн.

'Путиндин сапарынын учурунда эки тараптуу кызматташтыктын абдан кеңири спектрдеги маселелери каралган жатат. Анын ичинде биринчи кезекте саясий кызматташтык жѳнүндѳ сүйлөшүүлөр жүрөт. Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык жана миграция, аскердик кызматташтык сыяктуу маселелердин баары жолугушууда каралат', -деди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаменттин жетекчиси Айбек Молдогазиев.

Путин менен Атамбаев эки тараптуу жолугушуу учурунда талкуулай турган саясий, соода-экономикалык маселелер кѳп. Анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин ичиндеги жана регионалдык коопсуздукка байланышкан да маселелер бар. Бирок баарынан кѳп кызыгуу жараткан тема – Кыргызстандын кийинки президенти ким болору жѳнүндѳ болуп жатат. Анткени, бул маселе ачык айтылбаган менен эки президент ортосунда баары бир сөз болбой койбойт дейт саясий эксперттер

'Москва азыр өзүнүн позициясын так айтпай жатпайбы. Ушундай кырдаал курчуганда Текебаевди Батыш колдогон киши деп көрсөтүш керек болуп жаткандай. Анын артынан, Батышчыл бейөкмөт уюмдар чыгып жатпайбы. Бийликке ушуну Путинге көрсөтүш керек болуп жаткансыйт',-дейт саясат иликтөөчү Марс Сариев.

Алмазбек Атамбаев мурдакы апталарда өзү Евроньюс каналына сүйлөгөн сөзүндө бул темага токтолуп, Путин Бишкекке расмий сапарынын учурунда кийинки президент ким болорун көрсөтөт деген имиштерди "акылга сыйбаган сөз" деп четке каккан.

Ошол эле учурда эксперттер тышкы күчтөр, биринчи кезекте Россия менен Казакстан Кыргызстандын кийинки президенти ким болот деп четте карап турушпайт, кандай мүмкүнчүлүк болсо, ошол жагынан жиреп, кийлигишип, өздөрүнүн кызыкчылыгын издейт дешет.

Анын үстүнө парламенттик оппозициянын лидери Текебаевдин камалышына байланыштуу өлкөдө курчуган кырдаал, саясий күчтөрдүн бөлүнүп-жарылышы тышкы күчтөргө өздөрүнүн оюн ишке ашырганга 'ылайыктуу маневр' түзүп жатат, дейт Марс Сариев.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик бийлиги ушул жылы аяктайт. Президенттик шайлоо ноябрь айында өтөрү айтылган. Президенттик жарышка түшөрүн азыр үч талапкер жарыя кылды. Алардын ичинде 'Республика' партиясынын лидери Ѳмүрбек Бабанов, 'Ѳнүгүү-Прогресс' партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана 'Ак Шумкар' партиясынын жетекчиси, мурдакы премьер-министр Темир Сариев.

Президент Атамбаевдин эч кандай мураскор операциясы болбойт деп көп жолу айтканы сөзүнө өлкөдөгү саясий күчтөр ишенбей жатышат. Саясий партиялардын бир тобу дал ушул мураскор операциясына жол бербеш үчүн биригүү процессин жыл жаңырганда эле баштаган.

Текебаевдин камалышына байланыштуу азыркы бийликке каршылык күчөп, саясий кырдаал бара-бара бийликтин колунан чыга башташы мүмкүндүгүн жокко чыгарышпайт. Экинчи жагынан, ички саясий күчтөр да, тышкы күчтөр да азыркы кырдаалдан пайдаланып, ар кандай журүштөргө чыгышы ыктымал. Анын ичинде Кремлдин же Батыштын колдоосун алуунун да ар кандай аракети да болбой койбойт дешет.

Булак: "bbc.com"

Последние новости