www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Ички иштер министрлиги ата-энелерге 20 жашка чыга элек балдарынын оюн-зоок жайларга баруусуна тыюу салуусун өтүнүүдө. Эскертүүдөн кийин түнкүсүн чоңдордун көзөмөлүсүз көчөдө жүргөн балдардын ата-энелери жоопко тартылат.

ИИМдин маалыматына караганда, мекеме кызматкерлери күн сайын Дүйшөмбүдө ата-энесинин көзөмөлүсүз жүргөн 100гө жакын өспүрүмдү аныктайт.

Укук коргоо органдары мындай эскертүүнү өлкө президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбүнүн активдери менен жолугуп, жаштар арасындагы кылмыштуулуктун деңгээли боюнча тынчсыздануусун билдирген соң жарыялоодо. «Бул абал ички иштер органдарынын, ата-энелердин жана коомдун өзгөчө көңүл буруусун талап кылат», - деген президент.

Өлкө башчы өспүрүмдөрдүн интернет-кафелерде көп жүргөнүн айтып, укук коргоо органдарынын акыркы текшерүүлөрү 5 жылда 14 миң баланын убакытты текке кетирип, пайдасыз иш менен алектенип жүргөнүн көрсөткөнүн белгиледи.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости