www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баягылар дегенимдин себеби маселен жаңы деген Салянова эжебиз өлкөдө төңкөрүш кылып жибериш үчүн кичинекей фигура а Роза Отунбаева эжебиз ооба анын колунан келет. Келиши мүмкүн. Бирок суроо туулат Роза эжебиз кыргыздын бир дыйканынын башынан сылап кантип атысың деп же бир чарбасын барып көгөйүн угуп койгонго , экономикалык абалын сурап койгонго көңүлү а тургай кызыкчылыгы да жок а качан аянтта революциялык маанай түзүлсө эжебиз пайда болот. Качан болсо ушундай кырдаалга пайда болот. Же ушул нерсени жетектейт. Демек эжеге ушул эле процесс маанилүү. Керекпи ушул кыргызга? Ойлон! Кыргыздын жашоосу аянтта эмес, тээтиги айдоо аянтында. Малында анын жайытында. Ошону ойлоп атат дейсиңерби эй! Шляпа кийип чыгып кыргыздын тагдыры чечилбейт. Кыргыздын тагдыры жеңди түрүп чекеден тер кеткен жерде чечилет. Ызы чуунун мотору болуп үлкөн өлкөлөрдөн үлкөн акча жасамай! Эки ыңкылапта тең тажрыйба топтогон эже бу жолу да өнөрүн көргөзгүсү келет. А апрелдин шейиттери кимдин мойнунда? Кана ошондогу кыйкырык. ошол азап! Унута бересиңби кечээкиңди кыргыз!!!!!

"Бааягылардын" концерти

Эртең Кыргызстаныбызды бүлүндүрүп туруп ыңкылап болду дейли, азыр силер колдоп аткан оппозиция "азыр күтө тургула, силерге рахмат" деп коюп бийлик бөлүштүргөнү ак үйгө кирип кетет... ошо бойдон даси, даси болосуңар. Куйругун карматпайт. Бир күнү "Бөө" деп өзүңөргө ажыдаар болуп ак үйдөн чыга келишет. Анткени ыңкылаптын биринчисинде да , экинчисинде да ошентишкен! Күйүп сүйлөсө кошо күйгөнбүз, Көрсө мунун баары Жөн гана өздөрүнүн кызыкчылыгы болот экен туугандар. Баары эле "Баягылар".

Уулбек Аттокуров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости