www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштеринин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүүдө.
Маалыматка ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө.

Ошондой эле дарыянын нугу өзгөрүп кетүүсүнүн алдын алуу жана аткарылып жаткан иштердин сапатын камсыз кылуу каралган.

Аталган объект Чүй региондук башкармалыгынын курулуп жаткан объектилеринин реестрине киргизилген.

Анда шаар куруу жана архитектура жаатындагы ченемдердин жана талаптардын сакталышы, ошондой эле курулуш иштеринин сапаты туруктуу көзөмөлдөнүп жатат.

Учурда Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорундагы тиешелүү тилкелерде жээктерди бекемдөө иштери аяктоо алдында турат.

Ал эми Сокулук районунда бул багыттагы иштер күчөтүлгөн тартипте улантылууда.

Последние новости