www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.
Ири эл аралык иш-чаралар учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 15 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат.
Милиция кызматкерлери иш-чаралар өтүүчү объектилерде, расмий делегациялардын маршруттарында, эл көп чогулган жайларда, борбордук көчөлөрдө жана аянттарда күзөт жүргүзүшөт.
Мындан тышкары, укук бузуулардын алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана күтүлбөгөн кырдаалдарга ыкчам чара көрүү боюнча күчөтүлгөн чаралар көрүлөт.
ИИМ жарандарды коопсуздук чараларына жана транспорт кыймылына киргизиле турган убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
Ошондой эле шаар тургундарына каттамдарын алдын ала пландаштыруу сунушталды.
Жарандардан милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруу жана шектүү адамдар же буюмдар байкалган учурда дароо 102 номерине кабарлоо өтүнүлдү.