www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 27-декабрында Чүй ОИИББнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору кызмат өтөө учурунда «KIA Optima» үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Аны 1995-жылы туулган Х.Ш. аттуу жаран айдап бара жатканы аныкталган. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Айдоочунун документтерин текшерүү учурунда айдоочулук күбөлүктүн жасалмалыгына шек жараткан белгилер табылган. Аталган факт мыйзам чегинде катталып, соттук-техникалык экспертиза дайындалган.
Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, 2024-жылдын 29-мартында Х.Ш. аттуу жаранга берилген Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү керектөөчү багыттагы капелдүү-струйный принтер менен жасалгандыгы жана «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан салыштыруу үчүн берилген расмий айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарынын даярдоо ыкмасына туура келбестиги аныкталган. Ушуга байланыштуу документ жасалма деп табылган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 379-беренеси (документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 96-беренесине ылайык, 1995-жылы туулган Х.Ш. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда иш боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, тергөө улантылууда.