www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөсүнө ылайык, Ош шаарында жаңы он мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылы республикалык бюджеттен каржыланып, Бишкекте 20, Ошто 10 жана Манас шаарында алты жаңы мектептин курулушу пландаштырылууда.
Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери менен биргеликте түштүк борбордогу социалдык объектилердин долбоорлорун жана келечектеги курулуш аянтчаларын карап чыгышты.
Анда 10 мектептин долбоорлору, алардын курула турган жерлери, инфраструктуралык камсыздоо маселелери жана курулуш иштеринин этаптары талкууланды. Ошондой эле жер тилкелеринин даярдыгы, долбоордук-сметалык документтердин тактыгы жана курулуш мөөнөттөрүн сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Аларга төмөнкүлөр кирет:
Жыйындан соң мэр жана министр курула турган 10 мектептин аймагын көрүп чыгышты. Алар объектилердин сапаттуу, заманбап жана ачык-айкын курулушун талап кылышты.