www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө аял уулу тарабынан сабалган

Чүйдө аял уулу тарабынан сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-июлда Чүй ОИИБге Токмок аймактык ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда 1961-жылы туулган аялдын сабалганы айтылган. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп баштаган.

Жашаган жерине милиция кызматкерлери барып, аялдын 1951-жылы туулган жолдошу жана 1986-жылы туулган уулу менен жашай турганын аныкташкан. 7-июлда саат 21:00 чамасында уулу мас абалында апасын сабай баштаган. Аял ооруканага жаткырылган. Ал эми уулу учурда изделип жатат.

Андан тышкары, 4-июнда ошол эле үйдө өрт чыккан. Ыкчам-иликтөө тобу бөлмөлөрдүн бири күйгөнүн аныктаган. Эч ким жабыркаган эмес, өрт өчүрүлгөн. Үй ээси доосу жок экенин айтып, териштирүүнү токтотуу боюнча арыз жазган. Кылмыш иши козголгон эмес.

Последние новости