www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө поезд менен унаа кагышты

Бүгүн Аламүдүн-Кант жолунда поезд менен жеңил унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, машинист темир жолго унаа чыга калганда поездди токтотууга аракет кылганы менен кагылышуу болгон. Кырсыкта жабыркагандар Кант шаарына жеткирилген.

Кырсык болгон учурда өтмөк сигнализациясы талаптагыдай иштеп, көрүү мүмкүнчүлүгү канааттандырарлык болгон. Кагылышуу автоунаанын айдоочусунун жол эрежесин бузганынан улам келип чыккан.

Мекемеден белгилешкендей, поезд 800-1200 метрге жакындаганда эскертүү сигналдары автоматтык түрдө иштетилет. Бирок дагы деле жарандар эскертүү сигналдарына көңүл бурбай жаткан учурлар катталууда. Мындай жагдайлар адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат жана айдоочулар, жүргүнчүлөр жана темир жолчулар үчүн оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Буга байланыштуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы бардык жол кыймылынын катышуучуларын кырсыктарга жол бербөө үчүн темир жолду кесип өтүүдө этият болууга жана эрежелерди так сактоого чакырат.

Последние новости