www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түп районундагы мыйзамсыз пайдаланылган 2 319 гектар айыл чарба жерлери аныктап, мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Түп айыл аймагындагы жерлерди пайдалануунун абалын комплекстүү текшерүүнүн алкагында тиешелүү документтери жок, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен аффилирленген жактар тарабынан расмий каттоосуз жана бюджетке төлөмдөрдү төлөбөстөн айыл чарба жүгүртүүсүнө иш жүзүндө тартылган бир топ жер үлүштөрүнүн бар экендиги аныкталган.

Мындай жагдай жыл сайын жазгы талаа жумуштарынын башталышында "жер мафиясынын" көрүнүшү катары калктын нааразычылыгын жаратып, коомдук-саясий кырдаалга терс таасирин тийгизип, жер ресурстарын теңчилик, сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу принциптерин бузуп, айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы деңгээлин төмөндөтүп, региондун экономикасынын социалдык өнүгүүсүнө тоскоол болгон.

Алсак, көрүлгөн чаралардын алкагында 2319 гектар жер үлүштөрүн мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталган, анын ичинен 1876,47 гектары «сугат айдоо жери», 442,69 гектары "багара" жери болуп саналат.

Андан ары жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган жалпы аянты 2 319 га жер тилкелери Түп районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинен каттоого алынып, Түп айыл аймагынын балансына өткөрүлдү.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, анын ичинде мыйзам бузууларга жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү, ошондой эле башка ушул сыяктуу мыйзамсыз аракеттердин фактыларын аныктоо иштери жүрүп жатат.

Последние новости