www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпонбек Абыкеев:

Коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев Facebook баракчасына  калемгер кесиптештерине, тактап айтканда журналистерге кайрылуусун жазып чыкты.

"Калемгер кесиптештериме бул кайрылуум орундуубу, менин ушундай тилек менен кайрылууга акым барбы"- деп көпкө ойлондум. 60тан ашкан өмүрүмдүн дээрлик 35 жылдан ашыгын журналистика тармагына, чыгармачылыкка жумшадым. Кыргыздын биринчи эркин гезити "Ааламды" 15 жылдан ашык жетектедим. Колумдан 50 дөн ашык журналист аздыр көптүр тарбия алды. ("Ааламда" иштеп жүргөнүмдө) Алардын көбү бүгүнкү күндө да белгүлүү басылмаларда редактор болуп иштеп атышат. Кичине болсо да Кыргыз журналистикасына сиңирген эмгегим бар го деген ой менен аксакалдык оюмду бөлүшкүм келди.

Журналистик кесип анын маани маңызын, жоопкерчилигин түшүнгөн адамга өтө татаал, чоң жоопкерчиликтүү кесип. Түшүнбөгөн адамга анча мынча жазганды билсең, анан сага жазып жарыялап туруу мүмкүнчүлүгү түзүлсө, жазганың туура же туура эмес экенине акылың жетпесе да оюңдагыны жазып анан аны окурмандарга таңуулай берген кесип.

"Генераль болууну эңсебеген жоокер жоокерби"- дегендей бардык эле калемгер атактуу болууну эңсейт. Анан ушул жерден бары башталат. Аны журналистиканын тилинде "сенсация кубаламай" деп коет. Сенсация табыштын жеңил жолу "жаман" кабарды чукуп чыгууда турат. Ошондуктан айтылат "Жакшы жаңылык ордунан козголгуча жаман жаңылык дүйнөнү бир айланып чыгат"- дешип. Ошентип жашырылган, айтылбаган "жаман" кабарлары таап чыгып коомго жарыялай салыш менен атың "дүң" дей түшөт.

Анан өзүңдөн өзүң эле кантип жалаң ошондой "жаман" маалыматтарды кубалап жазып калганыңды билбей каласың. Раматылыгы болгур эрте көзү өтүп кетти Болот Макетаев деген белгилүү тележурналис бар эле. Телеге алып чыккан"Тагдыр" деген берүүсү менен узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына аты чыгап, Бокенин "Тагдырын" күтүп көрүүчүбүз. Экөөбүз тең курбу элек. Анан эле Бокенин "Тагдыры" чыкпай калды. Өзүнө жоолукканда сурасам. "Э-ээ Чопон. "Тагдырынды" жумшартып тарт."- деген кысымдар болууда. Бирок ага деле карабайт элем. Өзүм тартканды токтотоюн дедим. Жашоонун жалаң негатив жагын тарта берип өзүмдүн жашоом ошол жагына ооп кеткенин байкабай калыптырмын. Мага бүт айланам жакшы эмес жаман жагы менен көрүнө баштады. Маселен мына сен "Ааламды" өз күчүң менен чыгарып, нускасы көп болуп, окурмандар сүйгөн гезитке айланды. Мен ушуга да ишенбейм. Арам ойлойм. "Кантип эле өзү чыгарып атат. Артында чоң акчалуу бирө турат го"- дей берем. Ден соолугум да бузула баштады"- дегени эсимде.

Бул сүйлөшүүнү эмнеге келтирдим? Себеби кийинки кездерде коомго жалаң эле жаман маалыматты жеткирүүгө ашыккандар, жашообуздун жакшы жагын такыр эле көрбөй калган каламгерлер көбөйдү. Болбогонду "Болду", айтпаганды "Айткан" жазбаганды "Жазган"- деп койгондор чекеден чыгууда. Туура жашообуздун жакшы жагына караганда жаманы басымдуу болууда. Жыйынтыгында коомубуз да ошол жаман маалыматты жата калып окуп, укканга көнүп, жакшы маалыматты кабыл албай баратат.

Ар бир жазылган макалабы, ойбу притчабы жүрөктөн чыгат. Мээңдин тээ түпкүрүнөн сызылып агып жүрөккө барып анан колуңа жетет. Кичинекей ой болсо да эң ириде ошону жазган адамдын өзүнө таасирин берет. Жалаң жаман маалыматы жаза берүү аны окуган коомдон мурда ириде өзүңдү жабыркатат. Сага жашоонун бардык жагы "кара көз айнек кийип карагандай" боло баштайт. Жаман маалыматты жыргап жазасың. Жакшы маалымат уксаң ишенбейси же аны такыр жазгың келбейт. Ал түгүл чөйрөң да өзүңдөй жалаң гана жаман маалыматтарды жакшы көргөндөр менен толуктала баштайт. Коомдогу жакшы жетишкендиктерди айткандарды жактырбайсың. Алардын айткандарына ишенбейсиң. Тескерисинче жаман маалымат айтып аткан адамды жантыгыңдан жата калып угасың. Оюнан чыгарылган калпты айтып атса да эч талдабай туруп ишенесиң. Ошондой адамдар менен достошкуң келет. Бири-бириңер менен жыргап сүйлөшөсүңөр. Бир күнү эле ден соолугуңда ар кандай оорулар пайда боло баштайт. Ириде жүрөктөн башталат. "Кан басымы", "Кант оорусу"- дегендер жабышат. Уйкуң бузулат. Нервиң жайында болбой сиркең суу көтөрбөйт. Кыскартып айтсам ушунун баарын өзүң жасап алган болосуң. Канчаларга жаман энергия жибергенсиң. Алар сага кайта эки эселеп агылган. Өзгөчө бирөлөрдү ак жеринен караласаң алардын жек көрүү энергиясы сени көздөй дайра болуп каптаган.

Атак даңк да, болбогон акча үчүн ак адамды каралап жазып жан багыш да ден соолуктан кымбат турбайт. Ден соолугуң бузулуп аны оңдоо талабы чыкканда баягы алгандарың анын жарымына да жетпей калат.

Бул тиема чынында кенен узак жазуучу тема. Кыскартып айтсам калемгер биринчи кезекте калыстыктан тайбашы керек. Трайвализим , жердешчилик оорусу менен эч убакта ооруба. Кандай болсо да ак жеринен бирөнү жамандаба. Бирө жөнүндө жамандаган макала жазарда ошол адамдын ордуна өзүңдү коюп ойло анан жаз. Жалаң жаман маалыматтарды жазууну көнүмүш адатка айландырба. Коомго негатив таратуудагы зыяныңдан да өзүңдүн ден соолугуңа өзүң жасаган зыянды иликтеп ойлон. Жакшыны да көрө бил. Теңме тең жакшыны да таап жаз.Өзгөчө жаратылыштын кереметтери жөнүндө көбүрөөк жазганга аракеттен. Жаратылышты жазуу мээңди сергитип жан дүйнөңдү тынчтандырып нервиңди оңдойт. Муну эми калемгерлерге "Кулакка күмүш сырга" катары жаздым. Ким кандай түшүнөт ар кимдин өз эрки”,-деп жазган Чолпонбек Абыкеев.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости