www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы алардын кыймылын кайдыгер эмес кыргызстандыктар каржылап жатканын айтты.

"Чоң казат" кыймылынын лидерлеринин бири, УКМКнын бөлүмдөрүнүн биринин мурдагы башчысы Максат Мамытканов алардын кыймылын МБКнын башчысынын экс-орун басары Раимбек Матраимов каржылайт экен деген сөздөр боюнча журналисттерге жооп берди.

Анын айтымында, учурда коомдук кыймыл жөнөкөй жарандар тарабынан которулган каражаттардын эсебинен иш жүргүзүүдө.

“Биздин артыбызда эч ким турган жок. Матраимов эмес, ФСБ, Путин да эмес, эч ким. "Чоң казатка" эл жардам берип жатат. Биз шайлоого барабыз деген жокпуз, биз парламентке бара турган саясий күчтү даярдап жатканыбызды айтканбыз",- деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости