www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин комитети бюджетти колдоо багытында Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар алуу боюнча макулдашууну колдоду.

Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов сунушталып жаткан программа Азия өнүктүрүү банкы тарабынан Кыргыз өкмөтүнө көрсөтүлүүчү каржылык колдоону камтый тургандыгын белгиледи. Алынган каражат COVID-19 илдетинин ден соолукка зыяндуулугун азайтуу менен социалдык-экономикалык каатчылыкты төмөндөтүүгө жумшаларын кошумчалады. Бюджетти колдоо багытында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 50 миллион доллар алынат. Анын 25 миллион доллары грант, калганы насыя.

Программанын насыялык бөлүгү 24 жылга алынып, анын 8 жылы 1 пайыздык жеңилдетилген мөөнөт, ал эми калган негизги мөөнөт 1,5 пайыздан төлөнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости