www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чөп-чардын пайдасын териштиребиз!

1. Базилик - эң мыкты вируска каршы каражат, мындан сырткары жөтөлдө, астмада, иммундук системаны чыңдоодо пайдалуу. Курамында С витамин жана камфен, эвенгол, цинеол деген эфир майлары бар үчүн табигый антибиотик деп эсептелет. Байыртадан эле инфекцияга каршы каражат экени бааланып, тундурма менен оозду чайкашкан. Дагы жеңил заара айдап чыгаруучу каражат катары кандагы заара кислотасын бөлүп чыгарып бөйрөктү тазалайт.

2. Кинза - тамак сиңирүүнү жакшыртып, оор тамактан кийн жеңилденүүнү тартуулайт. Жүрөк-кан тамыр жана ичегинин иштеши үчүн пайдалуу витамин менен минералга бай келет. Эң негизгиси кинзанын жалбырагында А, В1, В2, С, Р витамини, аскорбин кычкылы жана каротин көп. Эсиңизде болсун, кинзаны пайдалуу деп ашыкча колдоно бергенде эркектин дарамети азаят, аялдын айызы күнүнөн бузулат, дагы уйкусуздук болушу ыктымал. Кинзаны ысыкта иштеткенде бир пайыз да пайдасы калбайт.

3. Щавель - тамак сиңирүүнү жакшыртат, боорду тазалайт, жараатты бүткөрөт, канды байытат. Тундурмасы сасык тумоологондо натыйжалуу.

4. Сельдерей - организмдеги токсинди тазалайт, заара айдап чыгаруучу, жеңилдетүүчү натыйжага жеткирет, аз калориялуу болгон үчүн арыктайм дегендерге пайда алып келет.

5. Жалбыз - мээнин ишмердүүлүгүн жакшыртат. Тынчтандыруучу, ооруну басаңдатуучу, кан тамырларды кеңейтүүчү аракетте. Элдик медицинада жөтөлдө, зарна болгондо тынчтандыруучу каражат катары сунушталат. Жалбызды эркектер көп ичүүгө болбойт, потенциясына терс таасири бар. Дагы кош бойлуу учурда жалбыз дары боло албайт. Бул тууралуу "Шамбала" гезити жазып чыкты. 

Булак: "NazarNews.kg"

 

Последние новости