www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй районунун Бурана айылы таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине журналист Расул Окумалиев билдирди.
Маалыматка караганда, буга чейин айыл эли бир кудуктан суу талашып ичип, таза суунун азабын жакшы эле тартышкан. Жылдын акырында ар бир үйгө ичүүчү суу тартылып, эсептегичтер коюлган.
Учурда жалпы он айылга таза суу жетти. 1000 куб суу бата турчу суу топтоочу жай курулуп, 80 чакырым аралыкта суу түтүктөрү тартылган. Ошондо Чүй районун 30% пайызын түзгөн айылдарда иче турган суу муктаждыгы чечилди.
Белгилей кетсек, аталган районго 60-жылдары суу түтүктөрү тартылган. Андан бери эскирип, көйгөй жаралып жаткан.
Маалымат боюнча, Чүй облусунда жалпы 331 айыл бар, анын ичинен 4 айылда суу чыкпайт. Ал эми конуштарда эски суу түтүктөрү жаңыртылып, суу мунаралары курулуп жаткан кези.
Белгилей кетсек, жакынкы жылдары калкты таза суу менен толук камсыз кылуу мамлекеттин негизги максаттарынын бири катары белгиленген. Калк көп отурукташкан Чүй облусунда 2024-жылга чейин бул жааттагы маселени жоюу тапшырмасы коюлуп, каражат булактары аныкталып жумуштар жасалууда.
Булак:NazarNews.kg