www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТО Орусиянын 9М729 канаттуу ракеталарынан коргонуу үчүн Европага жаңы ракеталарын жайгаштырбайт. Анын ордуна Түндүк атлантикалык биримдик абадан жана ракетадан коргонуу системаларынын үстүнөн иштөөгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирди.
Буга чейин АКШ дал ушул 9М729 ракеталарынын иштелип чыгышына каршылык көрсөтүп, кыска жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимден чыгып кеткен. Вашингтон Москваны келишимди бузууга айыптаган. Кремль айыптоолорду четке кагып, бирок ал дагы келишимден чыгарын жарыялаган.
Мындан соң Орусия президенти Владимир Путин бир нече жолу НАТОну Европага ракета жайгаштырбоого үндөгөн. Орус лидери эгер бул чакырыкка көңүл бурулбаса, Москва жооп кайтарарын эскерткен.