www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык «Гастинг Бронкос» футболдук клубунда ойногон немец футболчусу Эрик Биригитти акулага жем болуп каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Эрик Биригитти Автсралияда эмгек өргүүсүндө достору менен эс алып жүргөн. Ал деңиздин боюндагы жардын үстүндө басып жүрүп, күтпөгөн жерден сууга тайып кулап түшкөн. Аны дароо толкундар деңизди көздөй айдап кеткендигине байланыштуу достору аны куткарууга үлгүрбөй калышкан.
Окуя болгон жерге полиция менен куткаруу кызматкерлери чакырылган. Бирок ошол эле түнү футболчунун сөөгүнүн калдыктары гана табылганы айтылат. Алдын ала маалыматтарга караганда, ачык деңизде акулалар Биригиттиге чабуул жасап, аны жеши мүмкүн. Ошол эле убакта анын тирүү болгон-болбогону тууралуу маалымат айтыла элек.
Ал эми “Гастинг Бронкос” клубу футболчунун үй-бүлөөсүнө кайгыруу менен көңүл айтты.
Булак: NazarNews.kg