www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иранда студенттердин нааразычылык акциясы уланууда. Жаштар 8-январда Тегеранда кыйраган Украиналык учак Ирандын ракетасы менен атып түшүрүлгөндүгү тууралуу маалымат тарагандан кийин көчөгө чыга баштаган.
Аба кемеси Ирандын абадан коргонуу күчтөрүнүн жаңылыштык соккусунан кыйроого учурагандыгын өлкөнүн расмий жетекчилиги моюнуна алган. Ошондон улам миңдеген адамдар нааразычылык акцияларын жүргүзүүдө. Кечээ, 12-январда болсо Тегерандын Амир Кабир университетинин алдына чогулган студенттерге полиция күч колдонуп, атайын көздөн жаш чыгаруучу жабдыктарды жана курал колдонушуп, таратышкан.
Андагы видео Amreen Nazanin Rajavi твиттер баракчасында пайда болгон. Видеодо адам баса турчу тротуарлар канга боелгондугун көрсө болот. Нааразычылыкка чыккандар өлкө жетекчилиги жана руханий лидери Али Хаменийини бийликтен кетүүсүн талап кылышууда.
" Blood on the road. "😣😣😣
People in Iran need coverage from Main stream media around the world. everyone most hear their voice
These are the real Iranians whom the Western media ignores.
Please RT And share#IranProtests #Iran pic.twitter.com/OPuMFRfg34
— 🇫🇷Amreen Nazanin Rajavi(Amy) (@Amreen__Rizvi) January 12, 2020
Булак: NazarNews.kg