www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Салыкты «жеп ичкичтерге берип жатам» деп негатив ой менен эмес, «келечек муунга берип жатам» деп оюбузду оңдосок дурус болот эле», - деди бүгүн, 31-январда NazarNews маалымат агенттигине Чынара Мамажакыпова.

- Чынара айым, жаңы салык Кодекси ишке кирди. Ал кодекстин зыяны аз, пайдасы көп болот деп ишенсек болобу?

- Жаңы салык Кодекске президент Садыр Нургожоевич жакында кол койду. Бирок, салык Кодексинин мазмуну менен тереңден көптөр тааныша элек. Өкмөт тарабынан иштелип чыккан кодексте көптөгөн экономисттер, юристтер иштеп, мамлекетке пайда алып келүү жагын карап жазышса керек.

Ошондуктан азырынча зыяны аз пайдасы көп деп, же болбосо зыяны көп, пайдасы аз деп айталбайм. Буюрса, салыктын көрсөтүлгөн түрлөрү төлөнө баштаганда гана казынага келтирген чыгымы жана кирешесине карап, жаңы Кодекске баа беребиз деген ойдомун.

- Жаңы салык Кодекси боюнча соода жүгүртүүсү 8 млн. сомдон ашпаган ишкерлер 1 пайыз салык төлөгөнгө өтүшөт экен. Бул нерсе ишкерлер үчүн пайдалуубу?

- Эгерде соода жүгүртүүсү 8 миллионго жетип калган же андан ашкан ишкер болсо, демек ал бутуна туруп калган салык төлөөгө кудурети жетет дегенди билдирет. Ишкерлердин арасында дагы жаңы иш баштап жатканы, аз сумма менен соода кылганы, чоң сумма менен жаңы киришип киреше көрө элеги бар.

Дасыккан тажрыйбалуусу, ар кыл бизнесте өз ордун тапкандары бар. Ошол шарттардын бардыгын эске алып, мамлекет 8 миллиондон ашкандан кийин салык төлөнсүн деп жатат. Мен бул сунушту колдойм. Алдыңкы мамлекеттердин катарына кирип, дүйнөлүк стандартка жараша иш алып барсак жакшы эле болот.

- Кассалык аппаратка өтөбүз дегени азыркы учурда ыңгайлуу элеюи?

- Болгону эки жылдан бери пандемияга байланыштуу, рынокто болгон нерсенин баасы кымбаттап, бажылар мурункудай шыр иштебей, кризис каптап турганда соода тармагында дагы айтаарлык көйгөйлөр жаралууда. Ошондуктан, ККМ аппараттарды талап кылууда белгилүү бир мезгилге чейин убакыт берсе жакшы болмок.

- Баса, тигүү тармагы дагы салыктын көп түрүн төлөшпөйт, бир нече салыктын ордуна бирдиктүү системалашкан салыкты төлөө оңой болот дегендерине ынансак болобу?

- Мурда тигүү тармагында ар бир тигүүчү машинага патент алып, социалдык фондго, электр энергиясына, таза сууга салык төлөчүбүз. Бир нече салыкты бөлүп төлөп отурганча, бирдиктүү системалашкан салык төлөө ишкерлерге деле ыңгайлуу болсо керек.

Негизи, салыкты «жеп ичкичтерге берип жатам» деп негатив ой менен эмес, «келечек муунга берип жатам» деп оюбузду оңдосок дурус болот эле.

Динибизде деле тапкан кирешебиздин 30 пайызын садака катары чыгарып туруубуз керек эмеспи. Мамлекетке садака катары төлөп турсак неге болбосун!

- Жаңы Салык кодекси ишкерлерге жеңилдик берсе, көмүскө экономика жоюлат дегенге ынансак болобу?

- Салык кодексине жеңилдик берилсе эле көмүскө экономика жоюлуп кетпейт. Салык тармагында чиеленишкен коррупциялык системаны алгач жоюш керек. Президенттин алдындагы Антикоррупциялык кызмат менен «Аярзат» коомдук бирикмеси биргелешип иш алып барууга меморандум түзүп кызматташып баштадык. Биздин коомдук бирикмебиздин дүйнөнүн 48 шаарында, мамлекеттин 7 дубанында өкүлчүлүктөрүбүз иш алып барат. Анда нечендеген адамдардын тебеленген укуктарына басым жасап, жарандарыбызга юридикалык жактан жардам берип келебиз. Эми салык жаатындагы кыңыр иштерди ачыктоо, коррупциялык кылмыштарга бөгөт коюу максатында биргелешип кызматташып, жыйынтыгын элге ачык маалымдап турмакчыбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости