www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ушул тапта Икрамжан Илмияновду тааныбаган киши болбогон чыгар. Көпчүлүк бул кишини президент Алмазбек Атамбаевден кийинки эле саясый чоң фигура катары көрүшөт.

Буга чейин президенттин мурунку кеңешчиси Иркам Илмияновду депутат болот деген сөз желдей тарап, Жогорку Кеңештин имаратына алып барып олтургузуп койгон эле.

Сөздөргө чекит коюлуп, Илмиянов депутаттыктан баш тартып, мандаттык майлуу кызматты оң колу менен ары түртүп койду.

Ким кандай дебесин, Икрамжан Илмияновдун акыркы күндөрү ток пейилдиги менен айкөлдүгү көрүнүп турат. Жергиликтүү ММКлар канчалык “эзип” жазып эрмектесе дагы, “менин мээме доо кетти” деп ар кандай шылтоолорду айтып сотко бербей, оң жана сол тарабын, артында карабай түз эле кетип бара жаткандыгын байкасак болчудай.

Демек, Илмияновго Ажобуз айткандай “ушакчы” парламенттин,  ашыкча сөзү жана депутаттык мандаттын кереги жок. Бул деген чын эле “жигитчиликке” жатат. Мындай чымын консо корунбаган Илмияновго таң калгандар эл арасында барган сайын көбөюүп бара жаткандай.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости