www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти – ажобуз Алмазбек Атамбаев жакында өлкөнүн ар кыл тармактарда албан эмгек өтөп келе жатышкан жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде бир катар саясатчыларды жамандап, салтанаттуу кечени ушак аянтчасына айландырды.

Албетте, бул сырттан караган адамга өтө осол, жат көрүнүш болду десек жаңылыштык эмес. Быйылкы жылды ал өзү “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыялагандыгы анык. Ошондой болсо да, бир жагынан маданиятка туура келбеген бул жагдай ажобуздун имиджине доо кетирбей койгон жок, анткени, “калк айтса, калп айтпайт” демекчи, коомчулукта аны “ушакчыга айланды” деген кеп жүрүп жатат.

Арийне, саясатка кылдат жана кыраакы көз салып турган адамдар чындыкты айтып турушу кажет. Болбосо, кошоматчылар коштоп, жагынып турган жалганчылардын айланасында адамдын кемчилиги көзгө көрүнбөйт эмеспи. Ажо башы менен жеке кызыкчылыгы үчүн Кудайга дагы шек келтире баштады, тил учунан Кудайды кошо ала жүрсө, мунафик жолуна тушкөнүнө жолу болсун. “Жаман адам өзүн мактайт” деп байыркы кыргыз ата-бабаларыбыз тээ эзелтен айтып калтырган, анын сыңары өзүн өзү мактап, “мени эл колдойт” деп балп эттирди, а ырасында, аны мактагандар саналуу болбосо, ким билсин, деле көпчүлүктүн мактаганын көрө элекбиз.

Тескерисинче, жакырчылыктан арылбаган, жемкорлуктун сазына баткан кыргызстандыктар жыргал заман алып келе албаган, мамлекетти гүлдөтүп-өстүрүү жолуна сала албаган Атамбаевдей президентке туш болгонуна зарлап, шорлоп, каргап эле, келе жатышканы алаканга салгандай көрүнүп турат. Анан калса Атамбаев оппозицияны жамандаганды өнөр кылып алды, анын ичинде ал ”Ата Мекен” партиясын “Cасыган партия” деп атады.

“Ата Мекен” партиясынын коомчулукта рейтинги жогору экендигин, эл алдында кадыр-баркы бар партия катары баалангандыгын Атамбаев билбейт дегени шекилдүү. Ошол эле убакта КСДПнын эл ишеничинен эчак эле кеткендиги баарына белгилүү. Бийлик, Нариман Түлеевге, Мелис Мырзакматовго Акматбек Келдибековго, Өмүрбек Текебаевге, Карганбек Самаковго жалган, жасалма кылмыш иштерин козгоп, камакка алды. Булар кыргыз элинин кулдары эмес. Кыргыз жигиттери, эртең эле бул бийлик кетет, карыйт, так ушул кылгандарына өкүнөт. Кийинки армандары иттин бир жерине болот. 

Саясаттагы Садыр Жапаровду Кумтөрдүн көз боёмосун ачыкка чыгаргандыгы үчүн куугунтукка алып олтурат. Сегиз саясый лидерлер мыйзамсыз камакта. Ал эми Атамбаевдин Камбар-Ата ири келишими ишке ашпаганы кылмыш эмеспи, 37 миллион долларга Өлкөнү коромжуга отургузду. Бардык кылынган иштери чала бүтүп, миллиардаган доллар коромжуга учурап жатат.

Өлкөбүз карызга көмүлгөнүн, экономикалык кризиске батканын жашырыш үчүн, саясый лидерлерди камап, жалган тергөө уюштуруп, элдин көңүлүн буруп жатат. Ар кайсы спектаклдерди коюп жатканыны өкүнүчтүү. Бир карасаң, комедиялык-маскарапоздук сценарий уюштуруп, сасыткы, бузуку деп ат койгону ажонун иши эмес, баарын камайм дегенге ажобузга ким укук берди? Же саясатчыларды, оппозицияны камап койсом элддин колунан эчтеке келбейт деп ишенеби?

Ажобуз мына ушинтип өтө чоң жаңылыштык кетирип жатат, элдин азыр жанардай жарыла турган кези, жарылып кетсе токтотууга бийликтин күчү жетпейт, бирок аягы жамандык менен бүтпөйт. Эмнеси болсо да, Афгано – Сириялык синдромго айланбаса гана болду. Атамбаев “мен долларовый баймын” дейт оозун көптүрүп, Каддафи бай болуп акыры эмне менен бүттү.

Кыргызда “суунуку сууга” дейт, акча келет, кайра кетет, адал эмгек кылса деген гана ниет. Президент элге кайрылуу жасап жатып, күнөөсү сот аркылуу далилдене электе эле “коррупционер” деп айтып жатат. Президент айткандан кийин сот, прокурор айласыздан “күнөөлүү” деп таап жатат. Дал ошол Атамбаевдин айтканы менен коррупционер делген Н.Тулеев, М.Мырзакматов, У.Аманбаева соттолуп, үй-мүлктөрү конфискациялансын деген өкүм чыгарылган эле. Бирок, конфискацияга прокуратура Атамбаевге жагыныш үчүн туугандарынын мүлктөрүн далилдебей туруп кошуп таштаган. Эми туугандары сотко арыз жазса, арызды кароодон баш тартып жатканы өзүнчө эле феномен. Анан мыйзамга туура келбеген былык иштерди көрүп туруп, кантип мыйзамдуу демократиялуу өлкөдө жашап жатабыз деп айта алабыз?

Кайсы мыйзамда кылмышка тиешеси жок туугандарынын үй-мүлктөрүн алууга жол берилген экен. Биздин соттор мыйзам чегинен эчакта эле чыгып, адамдын тагдырына кайдыгер карап, бийликти карап өкүм чыгарат. Кадыржан Батыровдун кылмыш иши боюнча соттук териштирүүнү толук кандуу бүтүрбөй туруп, мүлкүн мамлекетке алынды. Бирок мамлекетке пайдасы дагы тийбей тоногонго жол берилди буга ким жооп берет? Мыйзам сакчылары минтип ажонун кабак-кашына жараша, айткан-дегенине ылайык мыйзамды буруп, бузуп сот чечимдерин чыгарып турса акыйкаттык орнобой эле, “палачтык” режимге киребизби?

Укук коргоочу Качкынбек Булатов

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости