www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Чынара айым, көп чет элдик өнөктөштөр, инвесторлор менен иш алып барып келесиз. Биздин өлкөнүн инвесторлор менен мамилесине токтолсоңуз?

- Негизинен, дүйнө жүзүндө өнүккөн мамлекеттердин көбү туризм менен ийгиликке жетишкен. Туризм менен өндүрүш мамлекетти өнүктүрөт, өстүрөт. Биз өнүгөлү, өсөлү деп аракет кылып жатабыз, бирок жыйынтыксыз. Себеби, көндүм коррупция, баягы эле бийликте отурган адамдар буга себепкер.

Канча жылдан бери өндүрүш менен алектенип, бизнести өнүктүрүүгө салым кошуп келебиз. Бирок тоскоолдуктар кезикпей койбойт. Азыркы учурда башка өлкөдөн келген ишкерлердин бизге инвестиция кылып, «өндүрүш ачып иштейин, өнүктүрөйүн» дегендери жокко эсе. Себеби, алар биздин өлкөнүн келечегин, потенциалын көрбөй жатат.

Инвесторлорду тартып келип, тийиштүү кишилер менен келишим түзүүгө киргизсем, алар жеке керт баштарын ойлойт. «Мага эмне калат? Meнин үлүшүм канча? Бизге эмне кылып бересиң?» деп оозду ачырышат. Алар убактылуу аткарып жаткан иштеринен пайдаланып калууну күтөт экен. Күйбөгөн жериң күл болот. Биздин чиновниктер өздөрүнүн алкымын ойлоп отуруп, канча инвесторду коңшу өлкөлөргө качырышты...

- Башка өлкөлөрдө кандай?

- Өзбекстанга туристтер келсе, дайым эшиктери ачык. Коркутуу үркүтүү, үлүш суроо деген жок. Сый мамиле менен күтүп алып, астейдил узатып, туристтерге көз караштары башка. Ошондуктан канча жылдарга алар бизден алдыга озуп кетти. Азыркы президенти да абдан күчтүү инсан экен. «Туризмди өнүктүрүшүбүз керек» деп ар бир район, айыл башчыларына талапты катуу коюуда. Бул нерсе Түркияда дагы бар. Туристтердики дайым туура. Туристтер күнөөлүү болуп жатса да колдоп турушат.

Андай өлкөгө адам барган сайын баргысы келет. Алардын туристтердин агымын көбөйтүү үчүн ушунчалык аракет кылып жатканы - бул баатырдык. Аң-сезими жогору экенинин белгиси. Мына ошондой туризм жана өндүрүш менен өнүгүп жаткандарын сезип турушат. Бизде жакшы жетекчи да жок. Инвесторлорду тартып келе албаган туризм департаменти эмне иш кылат?

Буларды ар бир айыл өкмөтүнө, айыл башчыларына, милицияга, ар бир жарандын түшүнүгүнө киргизиш керек да. Мындай абалыбыз менен кантип туризмди өнүктүрөбүз? Кантип алдыга жылабыз? Эртең азыркы Ооганстанга айланып калбайбызбы?.. Мына ушундай коркунучтуу ой келбей койбойт.

Өзбекстан Кытай менен түзмө-түз кызматташып, ири көлөмгө чыкты. Бул - өзбек туугандардын чоң жетишкендиги. Кудай берген ушунчалык кооз, бейиштей жерибиз бар, бирок кошуна өлкөлөрдөн ат чабым артта калдык.

Өндүрүштү өнүктүрүп, инвестор менен иш алып барууну жогорку деңгээлдеги жолго салып, өнүгүүгө эмнеге болбосун? Келечегибиз өз колубузда! Жеке керт башты эмес, элди, келечекти ойлоп, өнүгүп-өсөлүчү!

Булак: Азия News гезити

Последние новости