www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бир мектеп толугу менен карантинге жабылды

Бишкекте №67 орто мектеп карантинге жабылып, окуучулар аралыктан окууга өттү. Маалыматты Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен тастыкташты. Буга чейин бул мектепте билим алган окуучулардын ата-энелери мектеп 10 күнгө карантинге жабылганын билдирген.

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, бул билим берүү жайында коронавирус жуктурган үч учур катталган. "Мектепте эки окуучу, бир мугалимден коронавирус табылды. Мындан улам балдарды эки жумага аралыктан окууга тараттык. Азырынча бул — онлайн-окууга чыккан жалгыз эле мектеп", — дейт департамент өкүлдөрү.

Ата-энелер мектеп карантинге 8-октябрдан 18-октябрга чейин жабылганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости