www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында соода кылган жайма базардын соодагерлери шаар бийлиги сунуштаган орундарга чыгып иштөөдөн баш тартып жатышат. Бул тууралуу 11-февралда басма сөз жыйынында Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев билдирди.

Чыныбаевдин айтымында, ал "Ош базары" соода комплексинин ишкерлер биримдиги менен жолуккан:

"Жайма базардагыларга базардын ичиндеги жашылча-жемиш, эт саткан орундарды берели деп макулдашкан. Бирок соодагерлердин 90% буга макул болбой, күн сайын тыюу салынган жерлерге чыгып жатышат. Жашылча базардын ээлери көчөдө соода кылгандарга эки айлык ижарасын да албайбыз дешкен. Буга да макул болушпады".

10-февралда жайма базарды тазалоо учурунда соода столуна жатып алып, турбай, тартип сакчыларына каршылык көрсөтүп жаткан келиндин видеосу социалдык медиада тарап, кызуу талкууланууда.

Соодагерлер же алардын өкүлдөрү мэриянын жана акимчиликтин билдирүүсү боюнча азырынча комментарий берише элек.

"Ош базары", "Дордой" жана "Орто-Сай" базарларынын айланасында мыйзамсыз соода кылгандарды тазалоого мэриянын алы жетпей калганын, бул үчүн калаа башчылыгы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) да кайрылганын мэриянын буга чейинки жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирген.

5-февралда мэриянын чечимине каршы чыккан соодагерлер Өкмөт үйүнүн алдында пикет уюштурушкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости