www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жетинчи кабатта жаз келери менен кадрдык жүрүштөрүн жасай баштайт. Азырынча президенттик аппараттын ичинде гана бул оюн ойнолду. Кийинки кезекте өзгөрүүлөр Жогорку Кеңеште орун алаары белгилүү болду.

Төрага Чыныбай Турсунбеков креслосунан жылмышып, анын ор дуна Аалы Карашев келе турган болууда. Карашевдин парламентке келиши менен бул өзгөрүү болот деп эбак айтылган. Ошол сөздүн учуру эми келип жеткендей. КСДПнын катарында үн катпай олтурган депутаттардын беш-алтоосуда ордуларын кийинкилерге өткөрүп бере турган чечимге келгени айтылды.

Бул кадам жетинчи кабат парламенттеги абалын жакшыртып, тылын бекемдөөгө барып жатканын айгинелейт. Жогорку Кеңештеги орун алмашуулардан соң күч структураларында дагы эл күтпөгөн алмашуулар болоору тууралуу сөз козголуп жатат дейт. Кадрдык алмашуу менен бул бийлик эптеп жаздан чыгып алса, күркүрөгөн күздөгү шайлоого шайдоот барганы туру.

 Булак: “Ачык саясат”

Последние новости