www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада  Япониянын  Саппарро шаарында  Азиянын  кышкы оюндары болуп өттү. Ошол жактан эң мыкты көрсөткүчтү биздин курама командасы ойноп, жакшы жетишкендиктерге жетишти. Алтын медалга бир кадам калганда кандайча тарттырып жиберишти, деги эле хоккей тууралуу  КРнын хоккей боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу  Мурат Жакыповду кепке тарттык.

-Мурат мырза, Япониянын Саппарро  шаарындагы мелдеш боюнча айтып берсеңиз. Кандай барып келдиңиздер, алтын медалга бир кадам калганда тарттырып жибергендин себеби?

-Негизинен 8-кышкы Азия оюндары чоң  маараке десек болот. Себеби Азия мамлекеттеринин арасындагы олимпиада оюну деп атап койсок деле жарашат.  Ал эми чоң оюнда  Кыргызстандын туусун көтөрүп, улуттук  курама команданы түзүп барганыбызга  кубанычтабыз. Буга абдан көптөгөн аракеттер болду.  Спортчулардын даярдыгынан  баштап, мамлекет дагы  болгон каражатын аяган жок. Чынын айтканда азыркы мезгилде мамлекет тарабынан каржы берилбесе өзүбүзгө кыйын болуп калган. 

Спорт агенттиктин башчысы Канат Аманкулов, Алмаз Апышевдин жардамы менен көптөгөн жардамдар менен барып келдик. Бул тарабынан кем карчы жок болду. Музга даярдыгынан баштап,  окуу машыгуу процессинде жатакана, тамак ашынан бери муз майданынан өйдө төлөп берип муктаждыктын  баарын камсыздап беришти. Спортчулар колдон келишинче машыгышты, оюн көрсөтүштү. Жалпысынан жыйынтык жакшы  десек болот.

-3 беттештеги оюндардын баарына ыраазы болдуңузбу?

-Биринчи Кувейт  менен ойногон оюнубузда  “Кыргызстанды мындай эле жеңип коёбуз”-деген ой менен болушту окшойт.  Аябай жөн гана  хоккей оюну эмес, чыр оюн болуп кетти. Ал тараптагылар бизди ошентип жеңебиз деп ойлодубу түшүнбөй калдык. Аябай чыр болуп кетти, ага да болбой аларды 5:0 эсебинде уттук. Алар менен таза жеңишке жетиштик. Келечекте  дагы беттештер болгондо муз майданында  аларга ким экенибизди дагы бир жолу көрсөтүп, чыр уруш жолу менен бизди ута албашын көрсөтүп коюшубуз керек.

-Биз  бул жакта туруп эки спортчунун түртүшүп кеткенин гана уктук. Негизи окуя кандай болду?

-Хоккейде негизи биздин көрүүчүлөргө  толук маалымат жок.  Муз майданында болуп кеткен мушташты башкача кабыл алышат. Андай эмес,  бүткүл дүйнөлүк хоккейде ошондой болот, жана болуп келе жатат, боло берет. Алар  психологиялык жактан  сындырып анан  оюн кылабыз дешти окшойт. Биздин балдар ага даяр болчу.  Аягында өздөрү  жеңишке жете алышпай калып калышты. Экинчи оюнда филиппиндиктер менен ойнодук. Мына ушул оюнда чыныгы хоккейдин кармашы болду  деп эсептедим. Алар укмуш каттуу даярданышыптыр. Ошентсе дагы биздин балдар  жеңишке жетишип 5:10 эсебинде жеңип алдык.  

Чыныгы хоккейдин оюнун ошол  жерден көрдүк десем жаңылышпайм. Үчүнчү оюнда Бахрейн командасы менен ойношубуз керек эле,  алар келбей калыптыр. Катар мамлекетинин  спортчулары менен ойнодук. Алар менен дагы таза оюн болду десек болот. Катарлыктарды туруктуулук менен жеңип алдык. Кийинки финалдык турга биз чыктык. Экинчи “Б” группасынан  Түркмения менен  финалга чыкты. Түркмения менен кармашта калыстар тобу тарабынан  калыссыздык болуп кетти. Себеби хоккейдин эрежесинде эч качан бир оюнчуну  оюндан 14 минутка чыгарбайт. Же болбосо жакшы ойногон оюнчуну чыгара берген болбойт. 

Биз биринчи тайпада 2:2 болуп чыктык. Экинчисинде  0:0 болуп чыктык. Үчүнчү тайпа башталганда эң мыкты ойногон Владимир деген балабызды  айыпта кармап туруп алышты. Же себебин айтышпайт. Дагы бир оюнчубузду  башка күнөөлүү болсо деле чыгарып салышты. Ошентип биздин балдар  үчүнчү айлампада үч гана бала тигилерде 5 оюнчу ойноп жатты. Кээде тигилерге алтынчы оюнчуну чыгарып көрмөксөнгө  салган мезгилдер  болуп атты.  Биздин күчтүү 3 оюнчубуз ойнобой калды. Ушунун кесепетинен экинчи орунга  калып калдык. Жалпысынан алганда балдар бүт аракетин жумшашты.

-Ар бир эле мамлекеттин спортчусунун колунан ушундай  мелдеште экинчи орунду алуу келе бербесе керек.

-Бул мелдеш биз үчүн сыноо, жеңиш десек болот. Азия оюнуна чыгууга дагы күч керек. Мен Азияга барам десе эле чыгара бербейт. Ийгиликтер, жеңиштер болушу керек.  Биздикилер  Азия оюндарына катышканда 2008-жылы Астанада болгон Азия  оюндарына катышып биринчи орунду алышкан болчу. 

Азиянын  чакырык кубокторуна катышып алгылыктуу ийгиликтерге жетишип келе жатабыз. Себеби 2014-жылы Бишкекте иш чара өткөндө 2-орунду, 2015-Кувейтте  мамлекетине барганда  3-орунду. 2016-жылы Бишкекте өткөндө биринчи орунду алганбыз. Ушул сыяктуу  жетишкендиктерге жеткендигибизден  колдоого алынып ушундай  Эл аралык мелдештерге катышып келе жатабыз. Азыркы мезгилде  хоккейге катышуу канчадан берки келе жаткан  эмгектин үзүрү жер-жерлерде хоккейдин  пайда болушу эсептелет. 

Жумгалда, Ысык-Көл областында катуу  киришип, хоккей муз майдандарын ачып мыкты балдарды чыгарып жатабыз. Быйыл “Хоккейдин Академиясы”-деп жаш балдардын  академиясын ачылды. Ал жерде жетим балдарды  интернаттардан  чогултуп машыктырып жатабыз. Мына ушундай хоккейчилердин алгылыктуу иштеринин негизинде  артыбыздан өсүп келе жаткан  жаштарды көрүп  “биздин хоккей алдыга жылып жатат”-деген  ойго ишенебиз.

-Кечээ жакында   атактуу хоккейчи  Третяк келип кетти.  Бул балдарга чоң стимул болду окшойт?

-Бир кезде дүйнөнү дүңгүрөткөн, олимпиаданын, дүйнөнүн чемпиону болгон Владислав Александр Третьяк Кыргызстанга  келип кетти. Бул адамдын негизи келип кеткени  Россиянын  хоккей  федерациясы менен биздин  хоккей федерациянын ортосундагы  келишимге кол коюуу болду. Бул келишим биз үчүн тарыхый маселе болот. Албетте ал  келгенде  журналисттер менен балдарга дагы жолукту. Бул чоң стимул болду деп ойлойм.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости