www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чиновниктер өздөрү жасаган же тескерисинче жасабаган иштери үчүн жоопкерчилик тартарын сезмейинче өлкөдө эч нерсе өзгөрбөйт. Мындай пикирин Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова кечээ, 10-ноябрдагы мэриянын коронавирус пандемиясына карата даярдыктары боюнча өткөн жыйынында билдирди. 

Анда Айдай Турсунбекова пандемия маалында жакындарын жоготкон адамдардын атынан сүйлөп жатканын айтып, коронавируска байланыштуу 4 негизги маанилүү учурду белгилеген.

"Биз жакындарыбызды кайтара албайбыз. Бирок биз өткөн тозоктон силердин өтүшүңөрдү каалабайбыз. Коронавирустан улам жакындарын жоготкон адамдардын көбү бүгүнкү күнгө чейин депрессияда жүрүшөт, айрымдары психотерапевттин жардамына муктаж. Ошондой эле көбү үй-бүлөсүн баккан жалгыз адамын жоготуп, учурда жашоо үчүн күрөшүп жатышат. Бизде суроолор дагы деле абдан көп. Эмнеге ооруканалар даяр эмес болду? Эмнеге медициналык персонал даяр эмес болду? Эмнеге дары-дармектер жок болду? Болсо дагы 3 эсе кымбат сатылды? Бул жерден төрт маанилүү учурду белгилегим келет.

Биринчиден, бул медициналык персоналды окутуу, пандемияга даярдоо маселеси. Биз аларды даярдыктан өткөрүү сапатсыз болгон деп эсептейбиз. Мисалга алсак, протокол №3 137 беттен турса, протокол №4 177 беттен турган. Силер ар бир дарыгер чынында эле ал протоколдорду толук окуп, түшүндү деп кепилдик бере аласыңарбы? Биз күмөн санайбыз. Бизде ар бир дарыгер алына жараша, ар кандай ыкма менен дарылады. Көп учурда протоколдо корсөтүлгөн сунуштамалар аткарылбай жатты.

Эмнеге дарыгерлер үчүн ошол протолколдордун керектүү жерлеринен шпаргалка даярдалган жок. Эмне себептен Орусиянын тажрыйбасын албайбыз. Ал жакта ар бир дарыгерди 36 саат окутуп, тест тапшыртат. Анан сертификат берет. Сертификат алгандарга гана коронавирус менен жабыркап жаткан бейтаптарды караганга уруксат берилет. Тесттен өтпөгөндөр кайрадан окууга жөнөтүлөт.

Экинчиден, дары-дармектер, баарыбыз жайында алар жетишсиз болгонун жакшы билебиз. Биз ошондой эле дары-дармектердин баасына карата өтө катуу көзөмөл жүргүзүлүшүн талап кылабыз. Бизде фармакологиялык компаниялар жеңилдетилген салык төлөшөт. Анда эмнеге Кыргыз өлкөсүндө дарынын баасы Европага караганда кымбат турат.

Мен жеке мисалымды айта кетейин, мага атама керектүү дары-дармектердин узун тизмесин беришти. Арасынан Мопсимум деген дарынын бир флаконун дарыканадан 16 миң сомго сатып алдым. Бирок анын өз баасы 700 сом болчу. Макул биздин үй-бүлө кымбат дарыны алганга мүмкүнчүлүгү болду. А башка маянасы 10 миң, 12 миң болгон адамдар эмне кылышы керек эле? Алардын жакындары бул кымбат дарыларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү жок болгону үчүн каза табыш керек беле? Эмнеге биздин өкмөт биздин фармакологиялык компанияларга өз жарандарынын кайгысынан баюуга жол берди.

Мен Ырыс аттуу жарандын мисалын келтирейин. Ал унаасын 2 ампула дарыга алмашкан. Дагы бир 19 жаштагы бала пандемия учурунда бет каптарды жана жеке коргонуучу каражаттарды сатып жакшы акча жасадым деп мактанганына күбө болдум.

Үчүнчүдөн, кызыл зоналарда кардиологдор, иммунологдор, инфекционисттер, пульмонологдор сыяктуу профилдүү дарыгерлер жетишпей жатты. Дагы жеке мисал келтирейин. Менин атам өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратта 7 сутка жатты. 3 суткада ага операция жасоого туура келди. Ал операцияны жасай алган адам жеке клиникада иштейт экен. Бизге ал дарыгердин телефонун берип "ушуга чалып операция жасап бер деп көндүргүлө" дешти. Демек, саламаттыкты сактоонун жүзү болгон Улуттук госпиталда мындай керектүү адистер жок экен да.

Төртүнчүдөн, биз жакындарын жоготкондор пандемияга даярдыкка жооп берген жетекчилер жоопко тартылышын талап кылабыз. Марттан баштап карантинде отурганда аларда убакыт болду, финансылык ресурс болду. Алар ооруканаларды, медициналык персоналдарды даярдап, дары-дармектерди сатып алыш керек болчу. Ар бир мамлекеттик ооруканада компьютердик томография уюштуруу керек эле. "Тез жардам" кызматын толугу менен камсыз кылыш керек эле. Бирок факт түрүндө булардын бири дагы жасалган эмес", - деген Айдай Турсунбекова. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости