Дайыр Орунбеков: "Садыр Жапаров үй бүлөөсү менен камалып, өзү тамагынан союлуп атканын көрүп туруп унчукпаган эл өкүлдөрү, анын тааныш саясатчылары, достору өтө коркок экенсиңер"
Саясат  |   |  1603

Садыр Жапаров үй бүлөөсү менен камалып, өзү тамагынан союлуп атканын көрүп туруп унчукпаган эл өкүлдөрү, анын тааныш саясатчылары, достору өтө коркок экенсиңер. Азыр ушундай кырсык баскан үй бүлөөнүн жүгүн көтөргөн Айгүл эженин чачынан сылап, көзүнүн жашын арчып койгонго жараган жоксуңар. Иттерге талатып таштап бердиңер. Ал кандай болгон күндө дагы кыргыздын баш көтөргөн уулу эле го?! 
 Жакшы күндөрдө аны менен чай ичишкен достору кайдасыңар? Жок дегенде айбат кылбасаңар да, "күңк-мыңк" этимиш болуп койсоңор боло! деген пикирин Дайыр Орунбеков Фейсбук баракчасына жазып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями