www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыкты адабий сынчы, жакшы ата, жакшы жолдош, жакшы дос, акыл казынасы бай  Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев  үлгү болоорлук иш кылды. Ал креслого жабышып албай, кызматынан өз эрки менен баш тартып,  арыз жазды. Ал кызматтан кетүү чечимин  академия ишинин беш жылдык жыйынтыгын чыгаруу жыйында билдирди.

Ошондой эле Эркебаев «академияны сактоо үчүн, бийлик менен күрөшүшүбүз керек же баарына кайыл болуп жүрө бериш керек же болбосо жаштарга жол бошотуу керек, мен үчүнчүсүн тандадым»- деди.

Бирок, ачыгын айтыш керек “Кызматтан кетүү чечиминин сырткы жана ички себептери бар. Биринчиси, илимди жалпы колдоо болуп жатканы менен  натыйжалуу башкача айтканда, жогорку деңгээлде болбой жатат. Өзгөчө каржылоо маселеси анча эмес.  Экинчиси илимий чөйрө башкаларга үлгү болушу керек. Тилекке каршы, биздин көрүнүктүү эле кишилер тар кызыкчылыктарын ойлоп, кызматка жармашып жатышат. 70 жашка чыккандан кийин кызматтан өз рки менен кетип, жаштарга орун берүүсү керек. Бирок, алардын кеткилери келбейт. Мен колумдан келишинче, мүмкүнчүлүгүмдүн жетишинче 5 жыл иштеп бердим. Илимди көтөрүү үчүн аракет кылдык. Эми ордумду жаштарга бошотуп берейин деген чечим кабыл алдым. Анткени, мен беш жыл колдон келишинче иштеп бердим, илимди жогорку  деңгээлге көтөрүү үчүн аракет кылдык. Мен табиятымдан кызмат  сураганды жаман көрөм”, — дейт академик Абдыганы Эркебаев.

Булак: Фактор.кж

Последние новости