www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун тегерегиндеги окуяга байланып, ошол теманын түбүнө айланчыктабай, аны “баатыр же келесоо” деп жаатташа ызылдашпай, митингдеги майда-чоң деталдардын улам бирин чубап, “тигилер биринчи баштады...жок аркылар өзү биринчи баштаган болчу..” демейди кое туруп, “бул жүрүштүн артында ал турат экен, бул турат экен..” деген талашууну да жайына коюп, “жаш балдарды көгала кылып сабаган милиция тартипти сактап азаматтык кылдыбы же акмактык кылдыбы?” деген араздашууну да тим коюп, бакиевчилер менен атамбаевчилердин кимиси желмогуз, кимиси периште экенин да оюбуздан алыс ыргытып, дегеле Жапаров, Атамбаев, Бакиев, Текебаев деген ар кыл фамилияларды бир бирине кагыштырбай-чабыштырбай, Кумтөр маселесинин быкы-чыкысын айтып мисал келтирбей, кечээги окуянын саясый, укуктук, моралдык, криминалдык жактарын эзгилеп талкуулоону ары жылдыра туруп, өлкөнүн азыркы саясый портретин кайрале өлкөбүздүн өзүнө көрсөтүп “ушу сенби, сен эмеспи?” деп сурап көрбөйлүбү?..

Акаев кыйратпаганды Бакиев кыйратат деп күткөн элдин үмүтү, эки эселенип Атамбаевге артылып, тиги экөө жасай албаганды мына ушул баатыр жасоого тийиш дегендей талап 6 жыл быкшыды. Анын колунан да, оозунан да эмне келээри элге түшүнүктүү болуп бүттү, “ананыраак колдоном” деп катып жүргөн жетекчилик, “реформаторлук” потенциалдарын да колдонуп, а түгүл анысы сүрсүй баштады. Дегинкиси, мындан ары “тигилер жаман биз жакшыбыз” деп бийликке олтурган мураскерлерге болгон элдик талап эми өтө-өтө (!) катуу болот. Кийинки өлкө тизгинин кармачу лидер акаев, бакиев, атамбаевдер жасай албаганды жасоого даяр болуп келбесе, коом аны тез эле мүлжүп сөөгүн жерге түкүрүп салаары бышык. “ Реформалар 10-20-30 жылдап жасалат да, 2-3 жыл ичинде реформа жасоо мүмкүн эмес..” деп мейли миң жолу саясый теорияларды айт, экономика, саясат илимдеринин докторлорун сүйлөт, 2005-2010 жылдардагы бийликке олтурган эрендер үчүн канын-жанын берген, ачынып, кекенип, ызага уугуп калган элди эми кайсыдыр

Булак: NazarNews.kg

Последние новости