www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дайыр Орунбековдун соту бүгүн уланат

Журналист Дайырбек Орунбековду соту бүгүн, 10 - февралда саат 14:00 до уланат. Эске сала кетсек, 2014-жылы журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн "Маалымат.kg" сайтына Ош жана Жалал-Абад шаарындагы кыргыз өзбек кандуу кагылышы тууралуу макаласын жазып жарыялаган. Макалада, "Ош коогалаңына Убактылуу Өкмөт күнөөлү жана тийешеси бар. Чыр чактактын тутанып кетишин алдын ала билишсе дагы токтотууга алдын ала аракет көрүшкөн эмес. Ошол убактарда Убактылуу өкмөт кызмат бөлүшүп, банк ячейкаларынан акча уурдап жүрүшкөн. Ал тургай Кадыржан Батыров менен Алмазбек Атамбаев бат-баттан жолугуп жүргөн, кийин Батыров Атамбаевдин жардамы менен качып кеткен", - деп жазылган.

Орунбеков жазгандарды эки жылдан кийин Өмүрбек Текебаев, Эмилбек Каптагаев бышыктап чыккан. Ал тургай Кадыржан Батыров дагы "Атамбаев менен жолуккамын, мени Убактылуу көкмөт өзү чыгарган", дегени бар.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости