www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бала ыйлабаса эмчек кайдан? ЖК депутаты И.Карамушкинаны чакырып алуу боюнча кол топтоого кандай дейсиздер? Жарандык позицияны көрсөтүшүбүз керек го. Балким, кийинкилерге сабак болмок жана дагы бул ишти акырына чейин чыгаруу үчүн жоопкерчилигине алуучу топ түзүлүүсү керек. Сөз боюнча калбашы керек. Кол кабыш кылабыз дегендер личкага аймагыңарды жана телефон номурларыңарды калтырып койсоңуздар", - деп жазып калтырган Фейсбук баракчасына Руслан Бекназаров. 

Ага себеп бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина: - Жарандар мамлекеттик органдарда иштегендерди жума күнү саат 12ден кийин таппай калып жатканын айтып арызданууда. Алар айлыкты Жараткан күчтөрдөн эмес, мамлекеттен алат. Анысы аз келгенсип, студенттер да окуусун таштап, кетип калат экен. Биз светтик мыйзам менен жашайбыз деп түшүндүрсөк, муну куугунтуктоо катары баалап жатышат. Дин мамлекеттик иштерге киришип кетти.- деген пикирин Жоргорку Кеңеште айтканы.

Эске сала кетсек ЖК депутаты Ирина Карамушкина учурда коомчулуктун бүйүрүн кызыткан, социалдык тармактарда көп жемеге калган депутаттардын тизмесин толуктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости