www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда бычакка сап жигиттер калбай бара жатат. Себеби, саясий коомчулук баш көтөргөн балдарын, бири-бирин жамандап, каралап жатып баарын булгап бүттү. Баарынын аты булганды, баарына каралоо компаниясы "жемишин" берди.

"Өсөөр элдин балдары - бири-бирин баатыр дейт, өспөс элдин балдары - бири бирин катын дейт".

Мындай болсо эртең түзүк адамды сыйпалап таппай калабыз. Адамдын жакшы жагын айткандан ичибиз тарыйт, жаман жагын сөз кылганга убактыбыз көп. Ынтымагы жок эл болдук, аймактык көз караш, уруулук түзүлүштөн жогорулай элекпиз.

Муну билип Американын элчисине окшоп, сырткы күчтөр, бөлөк-бөтөндөр биздин ички саясатыбызга мурдун салып, кийлигишип жатышат. Өзбекстан дүркүрөп өнүгүп жатат, алар хан сыйлаган улут. Мамлекеттик түзүлүш процессин толук басып өткөн. Бизде башынан эле тарбия туура эмес болгон экен.

Ишенбесеңер, тарыхта аты даңкталып, азыр эстелиги турган баатырларды карагыла. Көпчүлүгү кыргызды сырткы душмандардан коргогондор эмес, уруулар ортосундагы жаңжалда аркы колоттун элин кырып, жылкысын чаап келе бергендер, же ак падышага жетип барып, өз элин көз каранды кылып бергендер.

Айтканым ачуу тийеттир, машина айдап, сотка көтөрүп, жаңы технологияларды муктаждыктарыбызга пайдаланган "заманбаптыгыбыз" эле болбосо, көпчүлүгүбүздүн аң сезимибиз коло доору, таш доору, алгачкы уруулук түзүлүш боюнча токтоп калган.

Тарбиясыздыкты, айкырып кыйкырууну, каяша айтып, бет тырмап, долуланып, кайсы бир бийлик органынын башында турган адамды кемсинтүүнү - баатырдык деп түшүнөбүз. Ал эми мамлекетти, мамлекеттик бийлик органдарын жана алардын башында турган кызматкерлерди сыйлоо деген жок. Кадырын эл өзүбүз кетирип бүттүк. Билип-билбей эле баарынан шек санайбыз. Депутаттарды болсо "чимкирик" деп адам катарынан чыгарып салганбыз. Бирок ошол "чимкиртердин" ордуна келесоосу дагы баргысы келип кыялданат.

Ийгиликтүү, эмгеги менен байыган адамдарды дагы "кантип эле байыды, уурдаса керек" деп кир оюбуз менен тиктейбиз. Өзүбүздүн ийгилик, өзүбүздүн турмушка убакыт коротуп жашаганга караганда, башканын жашоосуна көп кызыгабыз.

Кыргызга кыргыздан башка эч ким күйбөйт, келгиле өз уул-кыздарыбызды кадырлап, өзүбүздү-өзүбүз колдоп, өскөн эл бололу.

Дайырбек Орунбеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости