www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү тармагы сандан сапатка өтүүчү мезгил келди. 30 жылдан бери өзүбүздү-өзүбүз алдап келе жатабыз. Азыр ЖОЖдордо минималдык контракт жылына 30 000 сомду түзүүдө. Байкуш, карапайым элеттик ата-эне 5 жыл бою малын багып, кетмен чаап мээнет кылып окутканы менен, ал студент өз кесиби боюнча иштебей эле дипломду үйгө таштап коюп, чет жактарга мигрант болуп кетип жатат. Пайдасыз ЖОЖдордун ордуна кыска мөөнөттүк (6 айдан 2 жылга чейинки) кесиптик-техникалык окуу жайларына басым жасоо мезгилдин талабы!

Жаштар 5 жыл бою 30 000 сомдон ата-энесине чыгаша кылып, анан пайдасыз дипломду алгандын ордуна, атайын кесиптик-техникалык окуу жайында өзүнүн жөндөмүнө жараша билим алышса өздөрүнө дагы, ата-энесине дагы, мамлекетке дагы жакшы болмок!

Бажы Биримдигине кошулуп жатканыбызда ошол кездеги жетекчилер «Орусияга барган биздин мигранттар өз кесиби, өз билими боюнча диплому менен жумушка орношо алышат» деп убада берген эле.

Тилекке каршы, биздин билим берүү тармагыбыз сапатсыз болгондуктан, Орусияда биздин дипломдорду тааныбастыгын бийлик жакшы билет! (Жакында эле Пакистан дагы биздин медициналык окуу жайларды «кара тизмеге» киргизгенин жарыялады эле) Ошол мигрант болгон жаштарыбыз пайдасыз жана сапатсыз жогорку билимдин ордуна атайын кесиптик-окуу жайларда окуп, керектүү бир кесип ээси болуп барганда туруктуу жана жакшы айлык төлөнүүчү жумуштарга орношо алышмак.

Мисалы: ширетүүчү, тигүүчү, ашпозчу ж.б.у.с. кесиптерге кайсыл өлкөдө болбосун суроо-талап көп.

Алмазбек Сардеков, NazarNews.kg

Последние новости