www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент  Алмазбек Атамбаевди  басма сөз эркиндигин  муунтуп  жатат  деп сын таккандар  айтышууда.  Сиз кошуласызбы?

Сөз эркиндигин бүгүн эле муунтуп жаткан жок. Мурда эле кысым башталган. Президент мени 2 млн сом доого жыгып, бүт ММКлар аркылуу кечирим сурапс жазганыңды төгүндөйсүң деп,  эми каматам деп жатат. Президенттин шопуру Икрам Илмиянов коомдук ишмер, журналист Уран Ботобековду 1,8 млн сом доону мойнуна илди. Сот, башкалардын кадыр баркын коргоодо миллиондоп доо талап кылса да, аз тыйын чечим чыгарса, булардын кадырын миллионго баалап эки жүздүүлүк кылды. Бүгүн, ушундай адилетсиздиктин жеткен чеги келди. Баарын катары менен сотко сүйрөп, мүлкүн камакка алып жатат. Азыр, баары сөз эркиндиги маанилүү экенин түшүнүп жапа тырмак каршылык көрсөтүүгө киришти. Ал тургай бир кезде сөз эркиндигиние кыянаттык кылгандар, Атамбаевди мактап колдогондор дагы анын туура эмес экенин эми түшүнүштү окшойт. Такыр эле сөз эркиндиги жок деп айтуудан алысмын, КТРК, «Эгемен»-деген былжырбай сайттарга эркиндик бар. Каалагандай былжырап жатышат.

Баян Кулова, "Жаңы ОРДО"

Последние новости