www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду камактан бошотууну талап кылып митингге чыккан 68 киши кармалган.

25-мартта баш кеңсеси Парижде жайгашкан укук коргоочулар федерациясы Кыргызстандагы жана Беларустагы митингдер, анын катышуучуларынын күч менен куулуп, таратылышы жана камалышы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Анда федерация президенти Димитрос Кристополос Кыргызстандагы камоолорду айыптады. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысына кыргызстандык укук коргоочу, учурда Европада жүргөн Төлөйкан Исмаилова маалымдады.

Кыргызстандык укук коргоочулар 27- 28-мартта Брюсселде Евросоюз өкүлдөрү менен жолугуп, өлкөдөгү адам укугунун абалы тууралуу маалыматтарды жана сунуштамаларды беришмекчи.

Эл аралык укук коргоочулар федерациясына 112 өлкөдөн 184 уюм мүчө.

25-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду камактан бошотууну талап кылып митингге чыккан 68 киши кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык", "милиция кызматкерлерине кол көтөрүү", "мүлккө чыгым келтирүү" беренелерине ылайык кылмыш иши козголгон.

Булак: "azattyk"

Последние новости