www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү абалга байланыштуу Кыргызстандын экономикасындагы көптөгөн тармактар үзгүлтүккө учурап жатат. Бул тууралуу бизнес-коомчулук менен жолугушуу учурунда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев айтты.

"Буга чейин коронавирус пандемиясы экономикага залакасын тийгизип, катуу жабыркаткан. 2021-жылы 3,5 пайыздык өсүү болгондо үмүт пайда болгон. Эми минтип дүйнөдөгү абал өнөктөш өлкөлөргө кесепетин тийгизүүдө. Мындай жагдайда биз бизнес-коомчулук менен тыгыз иштеп, диалогго барышыбыз керек", — деди Амангелдиев.

Министрдин айтымында, валюталар курсу боюнча туруксуздук көп нерсеге тоскоолдук кылып жатат.

"Азыр экономиканын көптөгөн тармактары жабыркоодо. Мындан улам эл өкмөт бизнести колдобой жатат деп айыптап келет. Бирок мен буга макул болбойт элем. 2019-жылдан бери бизнес менен биргеликте кризиске каршы 4 программа иштелип чыкты", — деди ал.

Амангелдиев кошумчалагандай, министрлер кабинетинде кошумча чара көрүлүп, ал ишкерлерге салык жагынан түйшүгүн жеңилдетүүгө багытталды. Бул нерсе азык-түлүккө болгон бааларды оозуктоого жардам бериши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости