www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кийинки кездерде айрым чет элдик, айрыкча Россиялык маалымат булактарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди байыркы Рим императору Калигула сыяктуу "акылынан азып калган" деген тариздеги ойлор жазыла баштады. Мына ошондой сөздөрдөн соң, биз Атамбаевдин бийлиги жана тарыхта "келесоо император" деген ат менен калган Калигуланын бийлигин салыштырып көрдүк. Эмесе көңүл буруңуздар.

ИМПЕРАТОР КАЛИГУЛА ЖАНА ИМПЕРАТОР ЭМЕС АТАМБАЕВ.

Калигула.

- Биздин эранын 37- жылдары Рим империяриясынын бийлиги Гай Юлий Цезарь Германиктин (каймана аты Калигуланын) колуна өтөт. Ал падышалык тактысына адеп олтурганда өзүнүн жоомарттыгын, марттыгын жана ак пейилдүүлүгүн көрсөтүү максатында журт көңүлүн көтөрүп, бир топ жакшы иштерди жасай баштайт. Анын мындай мүнөзүн байкаган Римдиктер аябай мактоо, даңктоолор менен кабыл алышат. Бирок, көп өтпөй Рим эли эң акмак, эң акылсыз, зөөкүр адамдын эбегейсиз бийлигинин астында калганын сезишет. Тарыхта ал бийликке келгени көп өтпөй, эс акылынан айнып ооруп калганы да айтылат. Калигула бүт бийликти өзүнүн колуна топтоп, бүт баары ага баш ийип, керек болсо аны кудай сыяктуу улуктоону талап кылган.

Атамбаев.

2011-жылы Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланган. Башкаруусунун алгачкы жылдары, айрыкча шайлоо компаниясынын учурунда Атамбаев Казакстанга өтүп кеткен Кыргыздын Каркыра жайлоосун Казак өлкөсүнүн президенти Назарбаевдин алдына чөгөлөсөм да алам, электр энергиясын кымбаттатпай, тескерисинче арзандатуу керек деген сөздөрү менен баштайт. Ошондой эле мугалимдердин, врачтардын айлык маянасын көбөйтүү сыяктуу иштерди жүргүзүүсү анын рейтингин эл арасында абдан көтөрөт. Бирок, көп өтпөй, Кыргызстандыктар өлкө башына ачуулуу, ар кандай сөздөрдү ойлонбой сүйлөгөн, эл аралык коомчулукта ээн ооз репутациясына ээ болгон, резиденциясынан чыкпаган жалкоо, журт башына кайгы түшсө да он күндөп, жумалап жоголуп кемеси бар кызыктай президентти шайлап алышкандыгын түшүнө башташат.

Калигула.

Өз бийлигинин алгачкы айларында Калигула Рим сенатына да абдан жагынуу менен мамиле жасап, кадыр барк алуу үчүн сенатка бар болгон урматты көрсөтүп турган. Бирок, көп өтпөй сенаттын бийликтеги ордун төмөндөтүүгө аракет жасап, ал тургай шылдың кылып, өз минген аты Инцитатты Рим сенатына сенатор кылып шайлаган. Тарыхчылар Калигула Инцитатты кудай деп жарыялап, элдердин ага сыйынуусун талап кылган деп да айтышат.

Атамбаев.

Президент болуп жаңы шайланып келген жылдары үй-бүлөлүк башкарууну жоюу, таза шайлоо өткөүү жөнүндө өтө күйүп бышып сүйлөп, бирок, иш жүзүндө шайлоолордо акча таркатуу, мамлекеттик машинаны толук өз партиясына иштетүү, жана президент болуп туруп да өзүнүн СДПК партиясынын үгүт иштерин жүргүзүп, кыргызстанды түрө кыдырып, пресс-конферецияларда СДПК президентти колдогон партия экендигин жашырбай, ага жан тартуусун жана партиянын парламентте салмагын жогорлатуусун шарттайт. Анын жыйынтыгында СДПК партиясынын курамындагы Калигуланын атындай эле мээси бар Мискенбаев сыяктуу депутаттады Жогорку Кеңешке алып келет. Өз шопуру Икрам Илмияновду кандидат кылып, партия тизмесине кошуп, аны керек болсо, Кыргызстандын тарыхында аты алтын тамгалар менен жазылып калган Султан Ибраимовго теңейт.
Андан сырткары сабатсыз, Кыргызстанда канча район бар экенин билбеген Улан Исраилов аттуу жан сакчысын ИИМге министр кызматына дайындайт. Өмүрүндө укук коргоо органы тармагында бир да күн иштебеген Абдиль Сегизбаев аттуу айылдашын Кыргызстандын УКМКсын башкартат. Дагы бир айылдашы, өз өмүр баянын туура жаза албаган "алабарман" иниси Албек Ибраимовду борбор шаарга мэр кылып шайлатат. Албек Ибраимов аны депутат Текебаев "алабарман" деп айтып койгондугу үчүн Атамбаевчил бийликтин кошоматчы соттору аркылуу 1 миллион сомго жыгып алган.

Калигула.

Башкаруу мезгилинде Калигула өзгөчө зөөкүрлүк, казнанын акчасын айоосуз чачкан, салыктарды көбөйткөн император катары тарыхта калган. Анын учурунда бир аз эле күнөөсү үчүн кандай адам болбосун жеке мүлкүнөн ажыраган, түрмөгө камалган, дарга асылган. Анын учурунда айрыкча колунда бар бай адамдарга ар кандай жалаалар жабылып, мүлкүн тартып алуулар абдан көп өкүм сүргөн. Каршылык кылып, Калигуланын зомбулугуна нааразы болгон адамдар ансыз да ажаан кыял императордун жанын кашайтып, өзүнөн кетирип, заарын чыгарган. Айтмакчы, Калигула сөз табуу, айрыкча адамдарды шылдыңдоо, кемсинтип, кордоо боюнча алдына ат салдырган эмес.

Атамбаев.

Көз караштары башка, саясий баалуулуктары башка, Атамбаевди колдогусу келбеген: 
Акмат Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев, Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Өмүрбек Текебаев, Мелис Мырзакматов, Максат Кунакунов сыяктуу саясатчылар ар кандай жалаалар менен камалышып, соттолушуп, куугунтукка алынышкан. УКМК түрмөсүндө көргөн кордугун Максат Кунакунов төмөндөгүдөй эскерет: "Алар жан жеримди ток менен ургузуп, жумалап жуунууга уруксаат беришпей, шылдыңдашууда".
Ал эми Атамбаев жана Атамбаевдик клан тууралуу сын пикирлерин газета, сайт, фейсбук баракчаларына жазышкандыгы үчүн: Замира Сыдыкова, Нарын Айып, Дайыр Орунбеков, Уран Ботобеков, Адиль Турдукулов, Адилет Айтикеев, Мавлян Аскарбеков, Махинур Ниязова сыяктуу журналист активистер куугунтукка алынып, миллиондогон айыптарга жыгылышып, үй мүлктөрүнөн бери камоого алынган. Азаттык, Заноза, маалымат булактарына акчалай айыптар салынып, банк эсептерине арест коюлган.

Калигула.

Жинди чалыш мүнөздүү (неврастенический характер) Калигула ар кандай ишке ашпаган проектилерди көп баштаган. Ал өтө чоң иш кылуу аракетинде ар түрдүү курулуштарды салдырып бирок, ал иштеринин эч бир үзүрү жок, эч кандай пайдасы жок бирдеме эле болуп, аягында каңкайып, калып калчу. Мисалы, Неми көлүнө сууда калкыган сарай, Неаполитан кысыгына пайда батасы жок көпүрө курдурган. Өзүнүн минген Инцитат атту атына мрамордон аппак атсарай салдырып, ал үчүн атайын кызматкерлерди жумшап койгон. Казынанын акчасын ар кандай дөдөй иштерге жумшап жатып, ага чейинки император Тиберийдин өмүр бою топтоп жыйып, калтырган байлыгын бир жылга жеткирбей түгөткөн. Калигуланын дагы бир өнөрлөрүнүн бири, жалпы элдик майрамдарга өтө кызыктай кебете кешпир менен кийинип чыгып, бийлеп, ырдап жаткан өнөрпоздорду коштоп, айкырык сала ырдап, бийлеп да кетчү деп тарыхчылар эскеришет.

Атамбаев.

Президенттик мөөнөтүмдүн аягына жеткиче Камбар Ата ГЭСин, Жогорку Наарын Каскадын курдурам деп, шымалана киришкен Атамбаев Россия менен 2012-жылы келишим түзүп, Россия мамлекети ал чоң иш чара үчүн 2 миллиард доллардан ашык акча карап, анын баштапкы 800 миллиону Кыргызстанга которулмак болуп, ГЭСти ошол эле Россиянын "РусГидро" компаниясы курууга киришип баштайт. Бирок, тилекке каршы Россиянын экономикалык абалы ошол маалда аксай түшкөн. Мына ошол кезде Атамбаевди кайсыл кара теке сүзгөнүн ким билсин, Москва менен болгон бир аз ыйкы тыйкыдан соң, ГЭС куруу келишимин бир тараптуу үзөт. Ал эми бул ишти баштаганда Кыргызстанга акча которуп, чыгым кылган Россия тарап, эми 37 миллион долларды кыргыздардын мойнуна илип койду. Алардын ою боюнча келишимди бир тараптуу, эртең менен "сол жамбашынан" ойгонуп калган адам бузган имиш...
Ал эч нерсе эмес. 2016- жылы Атамбаев жолдору жамачылуу, четтен келген кредитке жашаган, экономикасы өлөсөлүү, коррупцияга белчесинен баткан, мугалим, врач, маданият кызматкерлери жарыбаган айлык алышкан Кыргыз өлкөсүн дүйнөгө таанытып, дүйнө элинин оозун аңырайта ачып коюу үчүн атайын төгөрөктүн төрт бурчунан конок чакырып, 1 миллиард 695 миллион сомду коротуп дүйнөлүк "Көчмөндөр оюнун" өткөрөт. Айрымдар бул кетирилген чыгымга бери эле дегенде 50 чакты заманбап мектеп салынмак, мына ошол мектептерден мыкты билим алышкан балдар Кыргызтанды дүйнөгө таанытышмак деген да пикирлерин айтышкан. Бирок, президент жана анын жан жөкөрлөрү андай ойлорго макул эместигин, бул иш чарага дагы да болсо аз чыгым кеткенин, жана чыгымдын көпчүлүк бөлүгү чет жактардан келген грант болгондугун айтып чыгышкан.

Айтмакчы! Азыр президенттик мөөнөтү 2017-жылы күзүндө бүтө турган Алмаз Шаршенович Атамбаев, Кыргызстандын 2040-жылга чейинки өнүгүү программасын жазып жатат... :)

Акылынан айнып калган Калигула менен Атамбаевдин окшоштуктары

Айтмакчы! Азыр президенттик мөөнөтү 2017-жылы күзүндө бүтө турган Алмаз Шаршенович Атамбаев, Кыргызстандын 2040-жылга чейинки өнүгүү программасын жазып жатат... 

Дариха Ишанова

Последние новости