www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Соттун алдында соттордуу даярдоо борбору бар. Ошол жерде мурун укук коргоо тармагында иштеп жүрүп анан “сот болот элем” дегендерди кайра окутуп соттука даярдайт. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак мына так ошол жерде эле "кол ийрисине" тартмай  эрежеси бар. Бул жерди окуп бүтүп, тестирлөө башталганда эле канчалык билимин жогору болуп, тааныш-билишиң болбосо артыңды карабай кете берсең болот. Билимпоз эмес илимпоз болсоң да артыңды карабай кете берсең болот. "Таанышын болсо танкасын, таанышы жок маңкасын"-деген так ушул жерде көрүнөт.

Бийликтегилер канчалык төшүн кагып, сот реформасын жүргүзүп атабыз дебесин бул тармакта эч эле жылыш жоктой. Мындай темп менен кетсек качан оңолобуз ? Качан өнүгүү жолуна түшөбүз? Адилеттүү сотторубуз Ак үйдү тарапты карап отурса, мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшө албасы айдан ачык эмеспи? Президентибиз Алмаз Атамбаев канчалык күйүп- какшап айтканы менен бери жактагылар "жылжытып" өз билгенин жасай берсе кайдан соттор тазаланмак эле ? Айланып келип эле, мамлекетти өнүгүү жолуна салабыз деп аруу тилек менен 2010-жылы 7-апрельде аянтта каза болгон революционер баатырларыбызга боорун ооруйт. Аттиң...Таза мамлекет курулса деп жандарын беришти эле...

Канат Бердимухаммедов, Бишкек шаары

Булак: NazarNews.kg

Последние новости