www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көпчүлүк адамдар анын жылдыздуулугун, жаркын жылмаюусун сүйүшкөндүктөн “Күн адамы” деп атап коюшат. Анын кинодо, театрда жараткан өзгөчө образдары эч кимди кайдыгер калтырбай, чыныгы талант катары эсептешет. Орусия эле эмес, жалпы Орто Азиянын миллиондогон айымдарынын жүрөгүнүн төрүнөн орун алган Сергей Безруков тууралуу кызыктар тууралуу сиздер менен бөлүшөбүз окурмандар!

- Актёр сүрөт тартканды жактырат. Сергей, сүрөттү кандай тартаарын “Бригада” сериалынан көрсөңүздөр болот.

- Картошка кошулуп жазалган тамактардын баардыгынан баш тартпайт.

- Кара, көк, ак түстөрдү жактырат.

- Дени-сак жашоо образын тандайт. Спорт менен алектенип, пайдалуу азыктарды жегенге аракеттенет.

- Кыз жандуу экенин ар дайым мойнуна алат.

- Жаныбарларды абдан жакшы көрөт. Иттин кандай пародасы болбосун баарына жакын.

 - Актёрдун башына сүйүү 14 жашында келген. Ал сүйүүсү өзүнүн физика сабагынан берген мугалими болгон.

- Бала чагында боюнун кичинекейлигинен абдан уялчу.

- Атасын эң жакын досу катары көрөт.

- Жашоосунда бир гана жолу мас болуп көргөн.

- Адамдардын көңүл борборунан жана сүйүүсүнөн эч качан тажабайт.

- Көп наристелүү болууну кыялданат.

- Кинодо же театрда коркунучтуу адамдардын образын жараткысы келет.

- Сөзүнө турбаган, калп айткан адамдарды жек көрөт.

- Тамеки көп чегет. Бир нече ирет таштоого аракет кылган, бирок жыйынтык болгон эмес.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости