www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы Балаклея аймагында ок-дары сакталаган эң ири кампадан өрт чыкты. Куткаруу кызматы кампага жакын жайгашкан райондун тургундарын эвакуация кылууда. Каза тапкандар жана жаракат алгандар туралуу маалыматтар жок.

Болжолдуу маалыматтарга караганда өрт кырсыгы түнкү саат үчтө башталган.

Украинанын Аскер прокурору Анатолий Матиос өзүнүн "Фейсбук" баракчасында бул окуяны диверсия катары түшүндүрдү. Анын айтымында өрт бир эле учурда бир нече жерден тутанган.

"Бир канча аянтта ракеталык-артиллериялык ок-дарылар (танкалык жана артиллериялык 125-152 мм снаряддар) сакталган Харьков областынын Балаклея шаарына жакын жердеги кампада өрттөн улам жарылуу болгон",-деп жазды ал.

Мекеменин маалыматына караганда, 15 миңдей кишини коопсуз жайга алып чыгып кетүүгө туура келет.

Балаклеядагы аскер кампасы Украин куралдуу күчтөрүндөгү эң ири курал-жарак сактаган жер эсепетелет. Анын аянты болжолу 368 гектарды түзөт. Ал жерде 138 миң тонна чамалуу ок-дары бар.

Булак: "bbc.com"

Последние новости