www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук-мекенчил күчтөрдүн биримдиги аракетте! ЭЛ БИЙЛИГИ ЭЛГЕ! ЭЛ БАЙЛЫГЫ ЭЛГЕ!Ушундай ураандын астында 2017-жылдын 24-март биринчи элдик революция күнүнө карата Жалал-Абад шаарында “Эки элдик революциянын талаптары жана сабактары” деген темада “Элдик Курултай” кыймылы жана “Демилге.KG” маалымат борборунун демилгеси менен кереге кеңеш болуп өттү. Элдик кереге кеңештин катышуучулары 2 сааттан ашык талкуудан соң кыргыз коомчулугуна төмөнкүдөй СУНУШ-ТАЛАПТАР менен чыгышты: -Ар кандай көйгөйдүн чыгыш себептери болот.

Оорунун диагнозу туура коюлбаса, дарылоо мүмкүн эместей эле көйгөйлөрдүн себептерин туура аныктап, ага каршы чаралар убагында көрүлбөсө өтүшүп кеткенден кийин кеч болуп калат. Биз коомдо жүрүп жаткан туташ кризистин себептери менен күрөшпөй, натыйжалары менен алпурушуп келе жатабыз. СССРдин учурунда биз үчүн Москва баардык маселени чечип, “Коммунизмге барабыз”- деген идеология менен жашаганбыз.

Ал эми эгемендүүлүккө ээ болгондон бери кандай мамлекет курабыз, кандай идеологиялык баалуулуктарга таянабыз, кайсыл жол менен өнүгөбүз- деген маселелерди эл менен кеңешип чечүүнүн ордуна, ойлонбой туруп батышчыл баалуулуктарга негизделген “ачык либералдык- демократиялык коом”- деген жолго түшүп алдык. Натыйжада бир кыргыз эли саясий көз караштары боюнча жүздөгөн партияларга, НПОлорго бөлүндү, ишеними боюнча ондогон диний агымдарга ажырады. Адам укугу- деген вирус, улут укугунан жогору чыгып алды.

Дүйнөлүк державалардын геосаясий кызыкчылыктарынын кагылышы- Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздугуна таасир этүүдө. Илим изилдөө тармагы мамлекеттик колдоодон сырт калды, билим-тарбия ишинде этнопедагогиканын табылгалары эске алынбай келет. Коомдо салттуу жолубуздан тайдыруу максатындагы идеологиялык диверсия ондогон жылдардан бери уланып олтуруп бүгүн паспорттон “улуту-кыргыз” деген графаны алып салып, “кыргыз жараны” дегенди киргизгенге жан үрөп жатышат.

Сырткы күчтөрдүн таасири менен жолдон тайдыруу саясатынын үзүрү ушул болду, уят-намысыбыз жукарып, акты сатпаган алпейим таза улуттук менталитетибизге доо кетип, шайлоолордо добуштарыбызды сатып, эгерим кайырчы болбогон кыргызда селсаяктар пайда болду. Өз канынан жаралган балдарын саткан ата-энелер чыкты. Ата-бала, бир туугандар мүлк талашып соттошууда. Руханий байлыктын ордун, материалдык байлык ээледи.

Жаш балдардын үстүнөн зордук-зомбулуктар болууда. Кыргыз кыздары чет өлкөлүктөргө кетүүдө, башка улуттардан төрөлгөн жээндер көбөйүп, тукум бузулууда. Улут деградацияга баратат. Рынок экономикасы, менчиктештирүү- дегени эл чарбасын бүтүндөй бүк түшүрүп, тыптыйпыл кылып кыйратты. Кумтөр сыяктуу кен байлыктарыбыз башкалардын капчыгын кампайтууда. Жумушсуздуктун айынан эл чачырап кетти. Эркин ой айткан адамдардын үстүнөн саясий куугунтук уланууда. Сөз эркиндигине кысым көрсөтүлүп, партиялык коррупциялык бийликтин өзүм билемдиги күн сайын күчөп жатат.

Демек биздин көйгөйлөрдүн көбөйүшүнүн себеби, башкаларды ээрчип адашуу жолуна түшкөндүгүбүздөн болуп жаткандыгы айкын болуп калды. Калыстык үчүн айта кетүү керек акыркы жылдары улуттук жолго кайтууга болгон далалаттар болууда. Бирок ал аркеттер системалуу, иреттүү мүнөздө болбой жатат. Ошондуктан, "Ынтымак башаты- намыс"- дейт кыргыз эли, башкаларды ээрчибей өнүгүүнүн улуттук баалуулуктарына негизделген өзүбүздүн айкөлдүк жолубузга түшүүбүз керек.

Коомдук-саясий түзүлүштүн батышчыл үлгүсү кыргыз кыртышына байыр алган жок. Системалык туташ кризис жүрүп жаткандыктан андан чыгуунун системдик усулдарын карманып, көйгөйлөрдү чечүүнүн комплекстүү жолдорун издешибиз керек. Кепке келип тынчтык жол менен жаңыланууга бет албасак кеч болуп баратат.

Эки революциядан эмне таптык, элдин каны төгүлдү!? Элдин жашоо-турмушу оңолгон жок, ишеничтер акталбады. Жалал-Абад шаарында 2005-жылы март айында 20 миңден ашык адам бир ай бою тикесинен тик туруп, биринчи элдик революцияны ишке ашырууда аталган аймактын эли өзгөчө тарыхый рол аткаргандыгын эч ким танбайт. Бүгүнкү Жалал-Абад шаарында өткөн тегерек столдун катышуучулары азыркы өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий абал кооптуу кырдаалга кептелгендигин эскертет жана төмөнкүдөй сунуш-талаптар менен чыгат:

1. Коомдогу туруктуу өнүгүүнү камсыздоо жана тынчтыкты сактоо үчүн баардык саясий күчтөрдүн ортосунда ар тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлсүн. Азыркы биз бараткан “ачык либералдык демократиялык коом” аталган батышчыл жолдон кайтып, улуттук жолго түшүүнүн зарылчылыгы баса белгиленсин.

2. Мамлекеттүүлүктү сактап өнүгүүнүн даңгыр жолуна чыгууда элдик бийликти, адилеттикти орнотуунун жолу катары Баш мыйзамдын 52-беренесине ылайык Элдик Курултай институту тез аранын ичинде мыйзамдаштырылсын.

3. Эркин ой айткан адамдардын үстүнөн саясий куугунтуктар токтотулсун жана сот иштери ачык, адилет, калыс жүргүзүлсүн.

4. КРдин паспортунда улуту ачык, так көрсөтүлүп жазылсын.

5.Сөз эркиндигине карата кысымдар жана чектөөлөр токтотулсун. Жалал-Абад ш. 23.03.2017-ж

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости