www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин арсыз кадамдары: Атамбаевден оомат кетти. Ал, өзүнүн атаандаштарын саясат талаасынан сүрүп чыгам деген аракеттери баары текке кетип, өзүнүн как башына тийди. Ал, быйыл жалаң ушак менен жашап, курулай доомат коюу менен өзүн ушакчы, жалаакор, кара мүртөз жана ары жок адам катары кеңири тааныта алды. Мындай осолдугу кыргыз элинин кыйырына белгилүү болсо, жакында дүйнөгө жалаакор, кара мүртөз, ушакчы, жалганчы катары таанылып, кошуна казак элине күнөө коем деп уятка калды.

1.Жыл башынан тарта эле “Ата Мекенчилерге” “Мега Комго” байланышкан жалган жалаа жаптырып, өзүнүн ишенимдүү “күчүгүнө” айланган бешөрдөкчү Абдил Сегизбаеви аркылуу ушак тараттырды. Ал ушагын ишенимдүү айтып, жакында үч депутат жазага тартылат деп ишендирди. Кийин, Абдил “өрдөк” далилдей албай иттин эле арткы шыйрагы болду.

2.Аида Саляновага кылмыш ишин козгоп алып, же камай албай же актай албай ара жолдо калды. Мындай осол ишинен кийин эптеп Алмамбет Шыкмаматовго микроскоп менен кылмыш иш издеп, аны камакка алабыз дешти эле, кыжырданган эл УКМКнын алдына сүрүлүп келгенде чыгарып кутулушту. Чогулган элдер Шыкмаматовду камакка алса бийликтин сазайын беребиз деп жаалданганда, Абдиль Сегизбаев шымын булгап кое жаздады. Себеби, Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши күлкү келээрлик эле. Салянованы актагым келбейт, себеби ал тууралуу айтчу сөз көп...

3.Карганбек Самаковго 19 жыл сурап, аны курулай доомат менен камап, капаска салып жибергиси келип баштаган. Бирок, кыргыз эли түп көтөрүлүп ар аймактарда чогулуш-жыйындар өтө баштаганда бийлик тайсалдап калды. Карганбек Самаков Манасты көтөргөн киши, эгер камакка ала турган болсо Атамбаевдин Манастын арбагы уруп кетери бышык. Ушунтип Атамбаевдин жалаакорлору Карганбек Самаковго караандай алышпай калды.

4.Россиялык “Роснефть” ишканасынын кызматкери кыргыз жаранын мас абалында машинеси менен тебелеп кеткенине карабай, аны Россияга сый менен узатып салышты. Элин тебелетип кор туткан Атамбаев оңбой кал деп отуруп калдык. 

Айтор, Атамбаевдин аракеттери ишке ашпай, ооматы кетип, айласы түгөнүп, куту качып калды. Сүйлөсө сөзү орунсуз, күлсө жылмайганы жарашпай, айтор бир кызыктай эле абалда жүрөт. Бирөө сыйлап, бирөө урмат кылбайт. Сөзү өтүмсүз, сүрү жок, жек көрүндү болуп бүттү. Мындай куту качкан башчы бир күн дагы кызматта отурбашы керек. Ооматы тайып, жылдызы өчүп, кызматына жармашкан эле бир осурак чалга айланды. Ары жок чал, күчү тайган абышка, кадимки эле алжыган Тейит чалга айланды. Мага ушундай эле сезилип жатат, бул менин оюм, эч кимге таңуулабайм... Ушундай ойго келгеним үчүн күнөөлүм эмесмин да, ичтеги ойду жазып койдум.

Дарихан Ишанованын Фейсбук баракчасынан алынды;

Булак: NazarNews.kg

Последние новости