www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу мырзалар айымдар жана эртеңки келечек үчүн кайдыгер эмес инсандар. Москва шаарында иштеп, эмгектенип жүрсөк да, жүрөгүбүз ар дайым мекенибиз Кыргызстан деп согот. Мындан бир топ күн мурда, экс депутат, коомдук ишмер Садыр Жапаровдун кайрылуусун көрүп, Кыргызстанды ойлогон адамдан кур кол эмес экенибизди, элди ойлогон эр азамат бар экенин билип, мамлекетимде өнүгүү али алдыда экенине көзүм жетип, Москва шаарындагы мигрантар кол топтоону колго алдык.

Кыргызстанда мекенге кайдыгер эмес инсандар кол топтто штабдарын өз демилгелери менен ачып, кол топтоп жаткандары сүндүрөт. Бул “Кумтөр” маселеси бир эки адамдын кызыкчылыгы эмес, бүтүндөй Кыргыз элимдин кызыкчылыгы деп билем. Өзүбүздү ойлобосок да, артыбыздагы жаш кадр, жаңы муундарга, таза жана карызы жок мамлекетте жашаганга мүмкүнчүлүк тузуп берүү, ар бир адамдын, адамдык парзы деп билем. Жапаров астыбызга даяр ашты салып койду, “Кумтөрдү” иштеткен ишкананы сотко берүү иш кагаздарын иштеп чыгып, даярдап берди.

Биздин максат кол топтоп, колдоп коюбуз эле калды, алдыбызга салган ашты да чайнап жей албасак, анда эртеңки келечек мыкты болот деп ким кепилдик бере алат туугандар. Кайдыгерликти таштаңыздар. Кыргызстанда бир топ кызматта иштеген тууган урук тааныштарга кол топтоо боюнча айтсам, баары колдошот, бирок ачык колдой албайбыз кызматтан алып салат дегендери мени кайгыртат. Керек болсо АЖОбуз баш болгон Атамбаев да колдой турган маселе экенин түшүнсөк. Көп нерсеге акылым жетип, бирок алым жетпей жатат. Анткени мен кызматым да, бийлигим да, байлыгым да жок, бир кыргыздын кызымын.

Маканбаева Нуржамал, Москва шаары

Булак: NazarNews.kg

Последние новости