www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-февралда Жалалабад областынын Сузак районуна караштуу, Таш булак айыл өкмөтүндө сессия жүрүп жаткан мезгилде, айылдык кеңештин төрөгасы Самсалиев Арапбай, айылдык депутатты ур-тепкиге алып салганы шумдук эле болду. Күч органы карап туруп кой дегенге жарабаган. Мындай инцидент карап турган жарандарга эн коркунуч тудурду. Авторитардык өзүм билемдик заман келгендин белгиси. Мурунку макаламда Таш Булак айыл өкмөткө “Каралар” келди деп жазгам. Эми минтип “Каралар” күч колдонуп, “Обон” аялдардын жардамы менен депутаттын жүрөгүнүн саруу суусун алып, биротоло сөз сүйлөгүс кылыптыр.

Өлкөнү Атамбаев ушундай башкарабы? Ошо жерде күч органы баары сьёмка кылып жүрүптүр, акимияттын адамдары кой дебей кайра депутаттарды коркутуу иштерди аткарып жүрөшөт дейт. Көрсө, Таш Булак айыл өкмөтү шайлоо убагында “Каралардын” күчү менен мурунку ОИИБ начальниги өзүнүн өкүл баласын шайлатып алыптыр. Анан кантип мыйзамдуу мамлекет болобуз, Демократиянын уулу дөлөттөрүн бийлик тебелеп тепсеп жатса, кантип укуктуу мамлекет болобуз.

Атамбаев ушунун баарын жакшы эле билет. Минтип отурса келерки шайлоолор мыйзамсыз өтөөрү көрүнүп турат. Ал эмес президенттик шайлоого "каралар" ири ролду ойноп, баш аламандыкка алып келери бышык. Себеби эч бир кылмышы жок бир далай активистерди, саясатчыларды камап жатканы дагы бир чоң нараазчылыкты алып келет. Балким Атамбаев саясатта башка трансформация болот дегени ушу болуп жүрбөсүн, нараазычылыкты атайын жасап митинг учурунда мамлекетти басып алууга даярдык көргөн деп камап койгонго. Деги бийликтин былгытма саясаты жакшылыкка алып келбейт.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости