www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өч, кек деген жаман мерсе экени анык. Бирок ошол эле маалда кара мүртөздүккө да жооп бербей коюуга болбойт эмеспи. Эгер жообу жок болсо, карамүртөздүк күч алып олтуруп, жетээр чегинен ашып кетээри турган иш.

Дегеним, эсиңерде Өмүрбек Бабанов 2012-жылы өкмөт башчы болуп турганында бир топ райондордун акимдерин алмаштырып, «Республика» партиясынын адамдарын жетекчиликке алып келген.

Аныгында, ал акимдер деле өз учурунда түзүк эле иштеп беришти. Кийин Бабанов өкмөт башчылыктан кеткен соң биринчи-вице-премьер болуп келген Тайырбек Сарпашев деген талтаңбай Бабановдун акимдерин жазалаган жайы бар.

Өз короосунан кочкор коюу жөрөлгөсү менен. Ошондо кеги ичинде калып калганбы, Өмүрбек Токтогулович бүгүн Сарпашевдин артынан сая түшүп жүрүп кызматтан алып тынды.

Албетте, кызматтан алуу менен эле маселе чечилип калбасы анык. Эгер маалыматтарда айтылгандай, Сарпашев таптакыр тайраңдап кеткени анык болсо, Бабанов мырза эрдик кылса сүрө кылып, Сарпашевдин ишине укуктук баа бердире алаар бекен? Арийне кыргыз чиновниктери жеп-ичип алып эле кызматтан кетүү менен чектелип, укуктук жана моралдык жоопкерчилик дегенден кутулуп к кетишчү эле.

Булак: “Де-факто”

Последние новости