www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдун башын айланткысы келгендер өз маалында «айлампаш» болуп, ар кайсы жакты сүзгүлөп калаарын тарых барактары эске салып турат. Бирок андан сабак албагандар да арабызда жүрү.

Маселен, Башкы прокуратура экс-депутат Карганбек Самаковду соттотуу максатында катуу киришип жатышат. Жер сатты деген жүйө менен. Ооба, мыйзамга анчейин тиши өтө бербеген, юридикалык түшүнүктөн тайкы, жалпы сөз менен баа берүүгө каныккан коомду алдаса болот.

Бирок атайын адистер саймедиреп, документтер тастыктап турганда Башкы прокуратура кимди алдагысы келет? Айталы дегенибиз, айыптоодо көрсөтүлгөндөй, аталган жер тилкелерин Самаков трансформация кылбаса, кантип жоопкерчиликке тартылыш керек?

Карганбек Самаков ал жерди даяр эле сатып алып кайра сатканы үчүн жооп бериш керекпи? Же мыйзам чегинде бизнес жасаган адамдар деле күнөөлүү болуп табыла берүүгө биздин коом макулдук береби? Маселе ошол жерди өз учурунда «адалдаган» Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев дегендердин жоопкерчилигинде жатпайбы? Же булар суудан кургак чыгып кетишеби?

Булак: “Де-факто”

Последние новости